www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга айыпталган экс-вице-премьер-министр,  мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин жубайы Асел Шадиева күйөөсүнө жана ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча билдирүү жасады. Асел Шадиеванын кайрылуусун жергиликтүү булак таратты.

Ал кайрылуусунда аялдарга жана энелерге, ошондой эле Конституциянын кепилдиги болгон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

“Мен  Шадиева Асель Каныбековна, Кыргыз Республикасынын жараны жана төрт баланын энеси, анын ичинен экөөсүнүнжашы жете элек. Жолдошум Ч.Айтматов атындагы сыйлык берүү ишинде айыпталып, 10 жылга соттолгон. Ал жасабаган иши боюнча соттолгонун билем” – деди  Асел Шадиева.

Ал ЖКнын Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтургандыгын эске түшүрүп:

“Эгер эч кандай зыян келтирилбесе, анда эмне үчүн жолдошума жаза колдонулуп жатканы түшүнүксүз", - деп өз нараазычылыгын билдирген.

Шадиевдин жубайы 2010-жылдын май айында күйөөсүн беткапчан адамдар уурдап кетишкенин, үй-бүлө катуу стресске кабылганын, болгон акчасын кун катары аны бошотуу үчүн бергенин айткан. Кийин жолдошу аны уурдап, сабагандардын иш-аракеттери уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттерине окшоштугун айткан.

“8 жылдан кийин көзөмөл жана тыңшоолор  кайталана баштады.  Күйөөм өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду” – деп билдирген Асел Шадиева.

Качып кеткен саясатчынын жубайынын айтымында 2018-жылдын 28-апрелинде кылмыш иши козголуп, ага жана анын туугандарына кысым көрсөтүлө баштаган. Натыйжада ал УКМКга барып, күнүнө 5-6 саат сурак берген.

“2018-жылдын июнь айында УКМКнын мурунку башчысы Идрис Кадыркулов мени өзүнүн кеңсесине “чайга" чакырган Ал бул иш буйрутма болгондуктан, сотто биротоло иш талкалана турганын анын айтып, колу менен шыпты көрсөткөн. Бул деген буйрутма өйдө жактан берилгенин билдирет” – деп жазган ал.

Шадиева УКМКга жалпысынан 8 жолу чакырылган. Ал Башкы прокуратурага жана президентке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгына нааразычылыгын билдирген. Бирок эч кандай реакция болгон эмес.

Асел Шадиева адилеттүүлүккө болгон ишенимин жоготуп, жашы жете элек балдары менен 2018-жылдын август айында өлкөдөн чыгып кеткендигин баса белгиледи.

“Эки жылдан бери мен өлкө сыртында жалгыз жана колдоосуз жашап жатам. УКМКдан менин кайда экенимди, почтамды бузуп, жеке маалыматтарыма кирүү мүмкүнчүлүгүн алганы жана мага келем деп коркутканы жөнүндө билдирүү алып жатам. Мени жана үй-бүлөмдү куугунттуктоо токтобой, кылмыш иштер козголуп, соттук иштер сырттан жүрүп жатат. Азыр УКМК мага каршы дагы бир кылмыш ишин козгоп жатат. Мындан ары унчукпай коё албайм. Эң башынан эле биздин үй-бүлөбүздүн кирешелери мыйзамдаштырылып, декларацияланган деп айтканбыз. Тергөөнүн негизи катары менин декларациям колдонулган. Кыргыз Республикасынын мыйзамы мүлктүн кол тийбестигине кепилдик бериши керек, бирок  тескерисинче, менин жана балдарымдын укугу бузулуп жатат” – деп жыйынтыктаган Асел Шадиева.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-декабрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган.

Ошол эле соттун чечими менен Шадиевдин эсептеринде жана банктык уячалары, “Карвендеги” уставдык капиталдагы үлүштөр, “Боорсок плюс”, “Континенталдык Сервис”, “Aqua Invest” жана башка ЖЧКларда, бир нече батирлерде, турак эмес жайларда, автоунаалары ж.б. камакка алынган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости