www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Греция Республикасынын Президенти Прокопис Павлопулоско токойдун өрттөнүүсүнөн улам көп адамдардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.

«Грециядагы көп сандаган адамдардын өлүмүнө алып келген токойдун өрттөнүүсү тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атыман каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана жалпы Греция элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости