www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Умар байке, учурда ахыбалыңыз эмне болуп жатат? Ишке чыктыңызбы?

-Рахмат силерге! Кудай буюрса жакшы баары. Бир жума болду, Чүй облустук милициясында 10-башкармалыкта бөлум башчы болуп иштеп баштадым.

-Өткөндө ИИМде коллегия болду. Ошондон кеп салыңызчы...

-Буга чейин деле коллегиялар болуп келген, бирок мындай болгон эмес. Мурдагы министр Улан Исраилов көлөкөсүнөн коркуп эле турчу. Азыр министр Кашкар Жунушалиев келип, ачык коллегия өткөрдү. Бардыгы жакшы, ирети менен дегендей. Көп кызматкерлер иштен алынды, бир тобуна сөгүш берилди, эскертүүлөр берилди. Улан Исраиловдун убагында милициянын кадыр-баркы түшүп, кылмыштуулук көбөйүп кеткен. Эми Исраиловдун "кашаларын" Кашкар Астаханович оңдоп, жолго коюп жатат. Жакшы иштер башталды, эми Кудай буюрса реформаны баштайт. Убагында жанагы Абдыкаров деген неме өз билгенин жасап кеткен да. Ошолордун баарын кайрадан калыбына келтириш деле бир топ убакытты талап кылат да.

-Милициянын ичиндеги коррупция да азайгансып калды дешет?

-Туура. Мурдагылар ар бир кызматгы соодалашып, тажрыйбага карабай ишке алышчу. Азыр анын баары токтоду. Президент да айтпадыбы профессионалдар кызматкка келиш керек, алар кийинки муунга үйрөтүш керек депчи. Ошол жагы да эске алына баштады.

-Кызматтан алынгандар сотко берип жатышыптыр го? Мисалы, Чүй ОИИББнин мурдагы башчысы?

-Сарчаев учурда аялынан бычак жеп ооруканада жатат. Мунун өзү уят да. Ушул кантип сотко берип жатат эми? Үч аял алып, төртүнчү аялын алганы жатканда берки аялдарынын бирөөсүнөн бычакталып ооруканага түшүп калды. Моралдык жактан иштегенге акысы жок Сарчаевдин. Сарчаев Бурулайдын өлүмү боюнча иштен алынган. Бул туура але чечим да. Бурулайдын өлүмү жеткен шалаакылык, Абдыкаровдун тажрыйбасыз адамдарды ишке койгондугунун натыйжасы. Керек болсо буларды иштен эле алып койбой, соттош керек.

-Учурда Данияр Абдыкаровдун ордуна келген орунбасар Мирлан Каниметов, ошондой эле Сүйүн Өмүрзаков боюнча наркотрафикке байланышкан материалдар келип жатат редакцияга. Буга эмне дейсиз?

-Мунун баарынын артында иштен кеткендер турат. Алар өз учурунда бардык аймактардагы милицияларга өз адамдарын башчы кылып дайындай беришкен. Алар четинен иштен кетип жатышат. Анан айлалары кетип каралоо иштерин жүргүзүп жатышат да. Ошолордун ич күйдүлүгүнүн кесепетинен келип чыккан каралоо. Мирлан Каниметов өз ишин мыкты билген профессионал. Сүйүн Өмүрзаков да деңгээли бийик профессионал, чыныгы генерал десек болот. Беш маал намазын окуйт, адамкерчиликтүү киши.

- Наамдар, чиндер боюнча да бир маселе көтөрүү керек го ыя?

-Эң туура. Мына, Данияр Абдыкаров генералды алды, кайсыл иштери үчүн алды? Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн ачкан жок, Таластан аялдын көйнөгүн кийип качып кеткен, милициянын кадырын кетирди. Эмне ошол үчүн аддыбы? Улан Исраилов болсо майордон соң, үч жыл өтпөй генерал болду. Тарыхта мындай окуя болгон эмес. Мен бул тууралуу ЖК депутаттарына кайрылып жатам. Кимдер мыйзамсыз наам-чин алган болсо, баарын жазыш керек. Сыйлыктар, наамдар, резонанстуу кылмыштар ачылганда гана берилет.

-Чуй облустук милициясына келиптирсиз. Ал жерге жетекчи жаңы дайындалды. Ал кандай иштеп жатат?

-Самат Курманкулов ылдыйкы тепкичтен көтөрүлүп, тажрыйба топтоп келген профессионал жигит. Мурда Бишкек шаардык милициясын башкарып турганда кызматтан кетиришкен. Бир жыл бош жүрүп калды. Чүйгө дайындалганы туура чечим, иштейм деп турган жигит. Биздин максат кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүп, элдин коопсуздугун сактоо. Буюрса аракет кылып жатабыз.

Булак: "Ачык саясат плюс"

Последние новости