www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мэри Албек Ибраимов коррупцияга айыпталып камалды. Эми анын ордуна мэр болом дегендер президентке таасирлүү адамдардын эшигин кагып, уктабай калышты.

Маселен, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Кыргызстандын Украинадагы элчиси президенттин агасы Жусуп Жээнбековго чейин жетип барганын басма булактары жазды.

Кызыгы, Бишкектин мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча коррупцияга айыпталып камалып, айып төлөп чыккан Түлеев кайрадан мэр болом деп шымаланууда.

Ошондой эле коррупцияга шектелип сурак берип жаткан Сариев да мэр болмокчумун деп Ак үйдөн көзү өтүп акыйууда. Максим Бакиевдин кайын агасы, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев дагы мэр болмокчумун деп «шилекейин» агызууда.

Айтор баары эле өлө элек «аюунун терисин» талашып азууларын шакылдатып жаткан кездери...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости