www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-сентябрда Япониянын Парламенттик достук лигасынын лидери Ген Накатанини кабыл алды.

«Эки тараптуу   ар кандай  деңгээлде жана ар түрдүү эл аралык аянтчаларда кызматташтыгыбыз жыл санап өнүгүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 26 жыл ичинде бир кыйла ийгиликтерге чогуу жетише алганын кошумчалады.

Ал Япония тарабынан берилип жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге эң жакшы каалоолорду жолдоп, аны менен Нью-Йорк шаарында БУУнун саммитинин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу үчүн жолугушууга кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониядагы адамдардын курмандыгына алып келген акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетүүсүн каалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбор Азия регионундагы парламенттик республика экенин жана мындан ары да Кыргызстанда парламентаризм институттарын бекемдөөнү көздөгөнүн белгиледи.

Буга байланыштуу ал Япониянын парламентаризм чөйрөсүндөгү бай тажрыйбасын үйрөнүү  Кыргызстандын парламентарийлери үчүн абдан пайдалуу болоорун белгилеп, парламенттик демократияны өнүктүрүүгө,  парламенттик жана президенттик ачык шайлоолорду өткөрүүгө Япония тарабынан көрсөтүлгөн чоӊ колдоо  үчүн ыраазычылык билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу айтып келип, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы чет элдик инвесторлор үчүн артыкчылыктарга кеңири токтолду.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Сооронбай Жээнбеков артыкчылыктуу багыттар катары экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспортту атады.

Япониянын Парламенттик достук лигасынын лидери Ген Накатани жылуу кабыл алгандыгы жана көңүл айтуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстандын Президентинин колдоо сөздөрүн Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге айтып бараарын белгиледи.

Ген Накатани Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөнүн элине гүлдөп-өнүгүү  каалады.

Ошондой эле Ген Накатани Япониянын делегациясы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышып, «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчага барышканын айтып, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

«Биз кыргыз-япон, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыгынын бекемделишине кызыкдарбыз. Ошондой эле өзгөчө „Бир айыл — бир продукт“ сыяктуу долбоорлорду колдоо менен аймактарды өнүктүрүүгө салым кошууга даярбыз. Бул күндөрү биз Ысык-Көл облусунда болуп, жер-жемиштердин эң сонун даамын таттык. Кыргызстандын потенциалы абдан чоң, аны мындан да кеңири колдонуш керек жана биз Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө жардам берүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз», — деп белгиледи Ген Накатани.

Соңунда Мамлекет башчысы Кыргызстанга келген Япониянын депутаттары эки өлкөнүн парламентарийлеринин байланышын жандандырып жатканына ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанга болгон сапарыңыз эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин жана кызматташуунун мындан ары да жемиштүү өнүгүүсүнө жардам берет деп ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана Ген Накатанинин ишмердигине ийгилик, ал эми япон элине бакыт-таалай, гүлдөп-өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости