www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаеадин бар же жок экени билинбей калды. Эртелеп саясий "критке" кетти көрүнөт. Бул да болсо мурдунун учунан алысты көрө албаган, саясатты түшүнбөгөн мажүрөөлүктүн белгиси.
Анткени Бакыт мырза өз күчү, акыл көреңгөсү аркылуу эмес, атасынын кадыры, байлыктын күчү менен саясатка аралашкандыктан, дарамети чектелүү экенин көрсөтүп койду. «Эптеп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү» дегендей, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеңешке алып келген партиясы мындан ары ашуу аша албай тургандай көтөрүм абалда.
Мындан улам, Бакыт мырза келерки парламенттик шайлоодо бир кезде мурдун чүйрүп, теңсинбей койгон «Эмгек» партиясынын этегин кармай турган болууда. Башка жолу жок, туюкта турат. Эч ким ишеним артып кошпойт. Бийликке болсо кандай кошомат кыльт, айла-амал көрсө да жакпайг. Жактырган учурда да кол жоолук катары пайдаланышы мүмкүн.
Андыктан саясий дымагы өчүп, ындыны нуруп турган маал. Образдуу айтканда, шайлоодон кийинки «нокауттан» тура элек. Турган күндө да кыйратпай калды...
Булак: “Фабула”