www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында иш сапарлары менен болгон.

Бүгүн, 16-августта иш сапарынын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкармалыгынын Ош облусундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Ошондой эле Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты.

Иш сапарынын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости