www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин мындан аркы дарылануусун дарыгерлердин консилиуму чечет.

Бул тууралуу анын адвокаты Искен Афиджанов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Улуттук кардиология борборунда 17-августта консилиум өтөт.

Бүгүн, 16-августта Текебаев онкология жана гематология борборуна жеткирилип, анализ тапшырган.

Саясатчынын адвокаттарынын бири Таалайкүл Токтакунованын айтымында, “Ата Мекендин” лидери 2015-жылы "өсмөгө (ракка) чалдыкты" деп текшерилип, ооруга чалдыкканы ырасталган эмес. Бирок ага жыл сайын текшерүүдөн өтүп туруу сунушталган. Ошол сунуштун алкагында атайын анализдерди тапшырды.

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркарын жарыялаган.

Камактагы эрежелерге ылайык, Текебаевге туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок. Ал сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.

Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости