www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна журналист өзү кабарлады.

«Бүгүн президент тиешелүү документке кол коюп, сот аткаруучуларга жөнөттү. Ал Брюсселде иш сапарда жүргөндө сөз эркиндигин коргоого убада берген жана азыр ошону иш жүзүндө далилдеп жатат. Бул жакшы прецедент жана башкаларга үлгү», - деди Карабеков.

 Белгилей кетсек, Кабай Карабеков, өткөн жылы президенттик шайлоодо  жазган макаласы үчүн Сооронбай Жээнбеков сотко берген. Макаланын автору Кабай Карабековдон Свердлов райондук соту беш миллион сомдон өндүрүү боюнча чечим чыгарган.

Ошентип президент Сооронбай Жээнбеков “кекчил” эмес “айкөлдүгүн” көрсөтүп, журналист Кабай Карабековдун "бетинен жакшылык кылып сүйүп" койду. Эми Кыргызстанга белгилүү инсан, илимдин бутагынын бири болгон “мына камалат ана камалат” деген экс-депутат Каныбек Осмоналиевге дагы көңүл буруп койсо жакшы болот эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости