www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өрттөн жабыркаган “Берекет” базарынын реализаторлорун кайрадан кабыл алды.

Жолугушуу учурунда кырсыктын себебин аныктоо жана кесепетин жоюу багытында жасалып жаткан иштер тууралуу сөз жүрүп, жабыркаган реализаторлор өздөрүнүн сунуш-талаптарын билдиришти. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгачкы жолугушууда айтылган маселелер боюнча тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, керектүү маалыматтарды алып жатканын белгилеп: “Биздин максат өрттүн кесепетин жоюу менен жабыркаган жарандарды тез арада жумуш менен камсыздоо болуп эсептелет. Андыктан, баарыбыз болгон аракетибизди жумшап, сиздердин көйгөйдү чечүүгө далалат кылуудабыз. Жакынкы аралыкта Жалал-Абаддагы жана Ош базарындагы катталган өрт кырсыктары боюнча 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынына тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүн чакырдык. Алардын катышуусу менен ачык-айкын талкуу болот. Мен сиздер тараптан айтылган ар бир сунуш-пикирди жыйында көтөрүп, тийиштүү мекеме жетекчилерине билдирем”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле Төрага жабыркагандарга сабырдуулук тилеп: “Менин колумда насыя алган ишкерлердин алдын-ала берилген тизмеси турат. Бул маселе боюнча да Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип мыйзам чегинде зарыл болгон иштерди жүргүзүп жатабыз”,– деди.

Жолугушууга келгендер жумуш орундарын калыбына келтирүү менен күйгөн товарларына компенсация чегерүү жана алган насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү сыяктуу бир катар талаптарын коюшуп, убактылуу иштеп тургандай жай менен камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Базарда 26 жылдан бери иштеп келе жаткан Бурулкан Абдраманова айтылган суранычтар жалпы “Берекет” базарындагы өрт кырсыгында жабыркагандардын талабы экенин белгилеп, алардын башкы сунушу тез арада жумушчу орундарын камсыздоо менен алган насыяларын төлөөдө жеңилдик берүү болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми дагы бир ишкер Гүлсара Боромбаева өрт кырсыгы өтө оор кесепеттерди алып келгенине токтолуп, жабыркагандардын көбү жалгыз бой энелер, карылар жана жаштар экенин билдирди.

Жолугушуу соңунда Төрага эртеңки парламент жыйынында өрт кырсыгы тууралуу боло турган талкууну жеринде угуп, көрүү үчүн жабыркагандардын өкүлдөрүнө да катышууга уруксат берди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-апрелине караган түнү "Ош" базарынын аймагында катталган ири өрт кырсыгынан “Берекет” базары күйүп кеткен. Бул аталган базардын аймагында катталган жыл башынан берки үчүнчү өрт болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости