www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Абдыбай Жайлообаев жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, суу сактагычтарда суунун чыгымдалышын көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Абдыбай Жайлообаев үстүбүздөгү жылы Ош, Нарын, Баткен облустарында 12 ирригациялык объектиде курулуш иштери жүргүзүлүп  жатканы жөнүндө маалымат берди. Жакынкы мезгилдерде Баткен облусунун Лейлек районунда «Максат» дюкеринин курулушу — ири долбоорунун үстүндө иш баштоо пландаштырылып жатат. Ошондой эле жети ирригациялык объектинин долбоорлоо- сметалык документациясы иштелип чыгып, жыйынтыкталды.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов таза суусу жок 715 айылдын тизмеси аныкталып чыккандыгын эске салды. Артыкчылык берилген багыт боюнча 1-категорияга 546 айыл киргизилген, андагы 455 айылга каржылоо булагы табылган, калгандарына өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

2020-жылы донордук коомчулуктардын жигердүү көмөгү астында аталган 546 айылдан 80 айылды таза суу менен толук камсыздоо пландаштырылган. Бүгүнкү күндө үстүбүздөгү жылдын 7 айында 15 айылда таза суу менен жабдуу объектилеринин курулушу бүткөрүлгөн. Жалпысы 2018-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 122 айыл таза суу менен камсыздалган.

Мындан сырткары, Мамагенттиктин ишмердигин санариптештирүү иштери жүрүп жатканы, онлайн-маалымат базасы түзүлгөнү, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына ишмердүүлүктү интеграциялоо жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Бул чаралар суу ресурстарын эсепке алуу системасын автоматташтырууга, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда натыйжалуулукту жана ачык-айкындыкты жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы үч жылда аталган багыттар боюнча жакшы иштер жүргүзүлгөндүгүн, ошону менен бирге бир катар кемчиликтер бар экенин баса белгиледи.

Ал өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи болгон калктуу конуштардын ирригация жана суу менен камсыз кылуу системаларын кеңейтүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.

Мамлекет башчысы «Максат» дюкердин башкы курулмаларынын курулушун үстүбүздөгү жылдын октябрь айында тез арада баштоо керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле тендердик процедуралардын ачык-айкындыгын камсыз кылуунун жана коррупциялык схемаларды жоюунун маанисин белгилеп, буга чейин мындай көйгөйлөр калкты таза суу менен камсыздоо боюнча айрым долбоорлорду аягына чыгарууга мүмкүндүк бербей келгенин эске салды.

Ал донордук уюмдар менен иштөөнү жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеп, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттардын гранттык бөлүгү 50% дан кем эмес болушу керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, Президент Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин ишин санарипке өткөрүү процессин тездетүү зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн суу сактагычтарында сууну керектөөнү көзөмөлгө алуунун маанисине жана сугат сууну эсептөөнүн автоматташтырылган бирдиктүү системасынын эртерээк ишке киргизилишине көңүл бурду.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин ишке ашырылып жаткан долбоорлорго болгон көзөмөлдү күчөтүүгө, аймактарга барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеке таанышууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын кеңейтүү боюнча улуттук долбоорлордун ишке ашырылышы анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости