www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-августта, Ош шаарындагы имам аль-Бухари мечитинде дин кызматкерлери, шаардагы 79 мечиттин имамдары менен мечиттерде санитардык нормалардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын муфтийи Максат ажы Токтомушев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, тиешелүү органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү алгоритмдерине ылайык мечиттерде санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча зарыл чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Жолугушуу учурунда алар инфекцияга чалдыккан жарандардын саны жөнүндө статистикалык маалыматтардын азайгандыгына карабастан, калк арасында санитардык-гигиеналык нормаларды, бет кап режимин жана социалдык алыстыкты сактоо боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

“Диний жетекчилер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү карантин эрежелерин сактоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Учурда сентябрда жума намазына тыюу салууну алып салуу маселеси көтөрүлүп жатат”, – деди муниципалитет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости