www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хайриддин Абдулло

Тажикстанда 35 жаштагы диний жана коомдук ишмер Хайриддин Абдулло (Достаков) сегиз ай камакта отургандан кийин эркиндикке чыкты. Ал өткөн жылы декабрдын аягында Москвадан учуп келгенде Душанбе аэропортунда кармалган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Абдуллого каршы «Экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо» жана «Экстремисттик уюм түзүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, сот камакка алуу чечимин чыгарган.

Хайриддин Абдулло тергөө абагынан 25-августта чыкканын билдирди. «Тергөө мага карата далил таба алган жок. Алар менин Орусиядагы ишмердүүлүгүмдү текшеришти, ал жакта мен эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Тергөө иштеринин жыйынтыгында мага каршы козголгон иштерди токтотуу чечими кабыл алынды», — деди ал.

2015-жылы Москвада Хайриддин Абдуллого кол салуу болуп, бычактан алган жарааттары менен ооруканага жеткирилген. Анда Тажикстандын Орусиядагы элчилиги ал көптөгөн жылдар бою тажик жаштарын түрдүү экстремисттик топтор менен диний агымдарга кошулуп кетпөөгө үндөп келгенин билдирген.

Иранда жогорку окуу жайын аяктаган Хайриддин Абдулло акыркы тогуз жылдан бери Орусияда жашап жүргөн. Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары аны шиизм идеяларын пропагандалоого айыптап келишет. Бирок ал өзү бул дооматтарды четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости