www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы жазып чыкты.

Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо, алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу чаралары, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары бекемдөө боюнча артыкчылыктар талкууланды.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев 2019-жылдагы иштердин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата биринчи даражадагы милдеттер тууралуу маалымат берди.

Райимберди Дуйшенбиев ошондой эле Кыргызстандын аймагына жаңы коронавирусту киргизбөө максатында өлкөнүн көзөмөлдөө өткөрүү пункттарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Аскерий адистердин даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскердик тартипти жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрдүн жеке түзүмүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында санариптештирүү маселеси негизги маселелердин бири болгонун өзгөчө белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости