www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Айнуру Тойчиевна, КСДПнын бир катар белдүү депутаттарынын аттарын «Биримдик» партиясынын тизмесинен көрүп калдык. Ушундан улам, «КСДП саясый партия катары ресурсун түгөттү» деп тыянак чыгарсак болобу?

- КСДП азыр экиге бөлүнүп калбадыбы. Бир бөлүгү курултайда Алмазбек Атамбаевди лидер катары бекитишкен. Ал эми Сагынбек Абдырахманов жетектеген экинчи бөлүгү аны легитимсиз деп сотко берди. Алардын ортосунда соттошуу процесстери жүрүп жатат. Сиздин сурооңузга ошол соттун чечиминен кийин жооп берилет го.

- Сиз өзүңүз соттун чечимин күтпөй эле шайлоого башка партия менен барайын деп чечтиңизби?

- Бул партияны биз өзүбүз 2005-жылы түзгөнбүз. 2010-жылы жети партия: Эсенгул Исаковдун «Аграрчылар» партиясы, Кожобек Рыспаевдин «Ооганчылар», Турсунбай Бакир улуунун ЭРК, биздин «Биримдик» партиябыз «Ар-намыстын» аянтчасына бириккенбиз. Анткени, ар бир партия өз мүмкүнчүлүгүнө туура баа бериши керек. Реалист болуш керек да. 2010-жылы дагы КСДПга Исмаил Исаковдун «Азаттык» партиясы кошулду. Андыктан, партиялар шайлоого өздөрүнүн адамдык, каржылык ресурстарын бириктирип, чогуу барганын туура эле көрөм.

- Анда азыр «Биримдиктин» өзүнчө шайлоого барганга мүмкүнчүлүгү бар дейсизби?

- Мен ойлойм, бизге дагы партиялар кошулат деп.

Аттокур ЖУМАЕВ

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости