www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Аксы, Баткен, Ноокен, Тоң райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жаңыдан дайындалган жетекчилери Талант Эмилбек уулу, Олжобай Мажилимов, Нурбек Олжобаев жана Бактыгүл Кадырованы кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каныбек Исаков жетекчилерге аймактарды өнүктүрүү, санариптик мектеп, окуучуларды ар тараптуу колдоо жана коргоо боюнча алдыда жасала турган жумуштарды тизмектеп, ар бир жетекчиге так милдеттерди койду.

Министр ар бир райондогу билим берүү жаатында калыптанып калган тенденция, жетишпестиктер боюнча деталдуу маалымат берип, ийгиликтер жана кемчиликтерин көрсөттү.

Мындан сырткары мектептеги билим берүүнүн, балдар бакчаларындагы тарбия берүүнүн сапаты, мугалимдердин билимин жогорулатуу, айлык акыны эсептөөнү автоматташтыруу маселелерине токтолду.

Жаңы дайындалган жетекчилерге үч ай сайын жасап жаткан жаңы иштери боюнча маалымат берип туруу милдеттенме коюлду. Министр аларды ишке демилгелүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости