www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз - бул мамлекеттик тилибиз.

Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз бир жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.

Мамлекеттик тилибиз - өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды.

Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат.

Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү - келечек максатыбыз.

Тил саясатынын негизи мамлекеттик тилди жалпы элибиздин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары ар тараптуу колдонуу менен аныкталат.

Кадырлуу мекендештерим, дүйнөдө теӊдеши жок "Манас" эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!

Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости