www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму бир жерде туруп калбай, бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташып өзгөрүшү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөп жатып айтты.

"Эл аралык уюмдар же аймактык структуралар сыяктуу эле БУУ да калыбын бузбай тура бербеши керек. Ал өз өнүгүүсүндө XXI кылымдын өнүгүү динамикасын чагылдырып туруусу шарт. Демек, бүгүнкү күндүн талабына көнүп, ылайыкташуусу кажет, анткени дүйнө ушу тапта татаалдашып, көп кырдуу болуп бара жатат", — деди Путин.

Буг кошо президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын айтты.

"Артка кылчайып, саресеп салсак, кансыз согуш учурунда да, геосаясий өзгөрүүлөр маалында да, дүйнөлүк саясаттын шойкому күч болуп турганда да БУУ тынчтыкты сактап, континенттердин өнүгүүсүнө салым кошуп, өзүнүн башкы миссиясын татыктуу аткарып келе жатат", — деди РФ башысы.

Ошондой эле Владимир Путин уюмдун туруктуу беш мүчөсүнүн вето укугунун маанилүүлүгүн белгилей кетти. Анын айтымында, бул дүйнөнүн аскердик-саясий балансын тең салмактап турат. Андан сырткары, БУУнун Коопсуздук кеңеши мүчө мамлекеттердин баарынын кызыкчылыгын эске алуу менен иштеши керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости