www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Улуттук тил комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык юбилейи менен куттуктап, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилгенин эске салды.

Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө республика боюнча «Кыргыз тесттен» жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөндүгүн белгиледи. Алыскы региондордогу кызматкерлер тесттен өтүү үчүн атайын көчмө станциялардагы өз ишин улантып жатканын кошумчалады.

Улуттук тил комиссиясы жазуучу сентябрь айында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу «Эне тил жана Айтматов» аталышта мамлекеттик тилдин үч айлыгын жаряылагандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы бул иш-чараны колдой тургандыгын баса белгиледи. «Бул  Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүүгө, жазуучунун чыгармаларын жайылтууга арналган жакшы саамалык», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке чейинки жана башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселесин козгоп, жеткинчектер үчүн окуу китептерин көбөйтүүдө «Байчечекей» бөбөктөр журналынын практикасын колдонуп, аны расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости