www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекеттин жана диндин максаты бир — бийик парасаттуу, өз жакындарын, өлкөсүн сүйгөн адамды тарбиялоо, ошондой эле коомдун тынчтыгын жана стабилдүүлүктү сактоо», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы дин ишмерлеринин катышуусуз коомдо руханий баалуулуктар калыптанбай турганын баса белгиледи.

«Мамлекет салттуу диндер менен союздаш болуу менен гана бул максатка жете алат. Биздин өлкөлөрдө ислам жана православие дал ошондой диндер болуп саналат. Биздин элдердин этникалык мүнөзү, жашоо образы, менталитети ислам жана православие диндеринин таасири астында калыптанганын четке кагууга болбойт. Биздин жалпы тарыхый тагдырыбыздагы мамлекет жана диндин өз ара мамилелеринде ар кандай сыноолор болгон», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков бир кезде бардык динчилдер ырайымсыз репрессияланган, мусулман мечиттери жана медреселер, ошондой эле проваславдык храмдар жана монастырлар массалык түрдө жабылган мезгил болгонун баса белгиледи.

 «Азыр биздин өлкөлөрдө дин тутуу эркиндиги үчүн бардык шарттар түзүлгөн, эч ким өзүнүн диний ишеними үчүн куугунтукталбайт.

Биздин мамлекеттер салттуу конфессиялардын мүмкүнчүлүктөрүнө абдан чоң маани берет. Дүйнөдө даяр, жалпыга таандык моделдер жок. Ар түрдүү ыкмалар бар. Биздин жолугушуу мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүнүн келечектеги моделин табуу боюнча биргелешкен пландарга арналды. Бизге мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылган өз моделибизди түзүү үчүн татаал жана узак жолду бирге басып өтүүгө туура келет», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Последние новости