www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына Жогорку Кенештин Отун энергетикасы жана жер казынасын пайдалануу боюнча комиссиясынын мүчөсү Бактыбек Турусбеков катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Аталган туруктуу комиссиянын жыйынында “Өткөрмө түтүктөр аркылуу мунайзат продуктыларын ташуудагы экологиялык коопсуздук жөнүндөгү”, “Тоолуу аймактарды коргоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Агрокамсыздоо жөнүндөгү”, “Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын колдонуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик маалыматтык система туурасындагы” олуттуу моделдик мыйзамдар каралып, колдоого алынды.
Жогорку Кенештин депутаты Бактыбек Турусбеков Агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча комиссиясынын жана Шериктештиктин Парламенттер аралык Ассамблеясынын башка туруктуу комиссиясынын демилгеси менен кабыл алынган моделдик мыйзамдарды колдоону менен Кыргыз Республикасында мыйзамдарды өнүктүрүү тууралуу кеӊири маалымат берди.
Туруктуу комиссиянын жыйынында дагы бир катар моделдик мыйзамдарды кабыл алуунун келечектүү пландары, долбоорлор боюнча сөз болду.
Булак: NazarNews.kg