www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. Биринчи радиодо «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусунун кезектеги чыгарылышы. Мамлекетибиздин башчысына бир нече суроолорубуз бар.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, коронавирус илдети менен күрөштө жашоо өз нугуна түшүүдө, бирок алдыда дагы кандай болот, билбейбиз. Баарыбыз коронавирус илдетинин экинчи толкуну болот деген божомолду жокко чыгарбаган тартипте жашашыбыз керек го?

— Сурооңузга рахмат.

Ооба, экинчи толкун деген божомол бар, аны баарыбыз билип жатабыз, окуп жатабыз.

Аймактарда кырдаал оордоп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон, ал кооптонуу дагы эле бар.

Региондорду жаңы эле кыдырып келдим.

Бардык облустарда болдум. Эл менен жолугуп, эмне маселе бар, барган жерлерде аларды угуп, кээ бир маселелерди талкуулап келдик.

Элетте эмне кеп?

Элет эли жыйын-терим, талаачылык иши менен алек. Аларда биринчи эле сугат суу маселеси, анан таза суу маселеси бар. Мектеп, ооруканалар, элге керектүү маселелер боюнча ой-пикир алмаштык.

Ал боюнча элге маалымат берип жатабыз, өзүм да түшүндүрүп бердим. Айрыкча эң керектүү ирригация, сугат суусу системасын оңдоо иштери боюнча, таза суу боюнча көп кайрылып жатышат.

Таза суу боюнча буга чейин айтканымдай, менин президенттик мөөнөтүм бүткөнчө бул долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашырылып бүтөт. Ал күчүндө, бул багытта иш кылып жатабыз.

Экинчи чоң маселе, элет жериндеги айыл чарбасында, айыл жеринде дыйкан-фермерлерди сугат суусу менен камсыз кылуу.

Алыскы Баткен, Нарын, Ат-Башыга барып, жүрүп жаткан иштер менен өзүм таанышып, көрүп келдим.

Канааттандым десем болот.

Айрыкча Ирригация программасынын алкагында улуттук долбоорлор үзгүлтүксүз жасалып жатат. Бул мени кубандырды.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын 2026-жылга чейин деп кабыл алганбыз.

3 этаптан турат, анын ичинен экөө 2024-жылдын соңуна чейин ишке ашырылат.

Менин президенттик мөөнөтүм аяктаганга чейин 2 этапты бүтүрөбүз деген биздин планыбыз бар. Анын үстүндө катуу иштеп жатабыз.

Бул 2 этапта 31 суу чарба объектилерин ишке беребиз буйруса, натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. 46 миң гектар жердин суу менен камсыз болуусу жакшырат.

Бул, мен айтып жүрөм, абдан амбициялуу чоң долбоор. Оор абалга карабастан, бул программаны кабыл алдык. Мен баш болуп, бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин ишин ушул нукка буруп жатабыз. Бул долбоор боюнча иштер жүрүп жатат.

Азыр ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттик каражаттарды көбөйтүп келатабыз. Андан сырткары, эл аралык өнөктөштөрүбүздөн, донорлордон көбүнчө грант түрүндөгү каражаттарды тартып жатабыз.

Узак мөөнөттүү 35-40 жылга эң төмөнкү пайыздуу кредиттерди алганга аракет жасап жатабыз. Бул иш алдыга жылды.

2019-жылы жалпысынан 12 объектте куруу иштери башталган. Эки объектиде курулуш иштери толук аяктады.

2020-жылы 6 объектиде курулуш иштерин бүтүрүү пландалган, 219 млн сомго курулуш иши аткарылды.

Пандемия бюджетке терс таасирин тийгизди. Бирок, ошого карабастан, тышкы донорлордон, финансылык институттардан каражаттарды токтотпой берип жатабыз.

Мен тынбай айтып келатам, ирригацияны оңдоо менин жеке көзөмөлүмдө. Анткени, бул улуттук тамак-аш коопсуздугу, жаңы жумуш орундарын көбөйтүү, элди айыл жеринде кармап калуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуунун негизги жолдорунун бири.

Мына, жаңы окуу жылына даярдыктар болуп жатат.

Аймактардагы авариялык мектептердин курулушун бүткөрүү сыяктуу маселелерге көңүл буруп жатам. Кечээ эле барып, өзүм көрүп, таанышып келдим.

Билесиздер, Нарын районунун Кеңеш айылындагы вагон-мектеп бүт республикага таанылган. Ошол мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп жатканын көрүп келдим.

Ал жердин эли менен жолуктум, ой-пикир алмаштым.

Аймактардагы авариялык мектептерди оңдоо жана ооруканаларды ондоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде өзгөчө маани берип жатабыз.

Аларга каражаттар бар, бюджеттик тартыштык болсо дагы токтоосуз иш жүрөт.

Азыр пландалган ооруканалар баары тең ремонттолуп, Бишкек, Ош, Нарында инфекциялык ооруканалардын эксперименталдык имараты курулуп жатат.

Нарындагыны кечээ жакында барып көрүп келдим. Ошол жердеги курулушчулар менен, Нарын облустук клиникалык ооруканасынын жамааты менен дагы жолугуштум.

Аймактарда мындан тышкары ички жолдор оңдолуп жатат.

Күн жылуусунда оңдоп, бүткөрүү керек. Айрыкча бийик тоолуу өрөөндөрдө күн жылуу кезинде бүткөрүү керек. Анткени сентябрь, октябрдан тартып, тоң боло баштайт, суук түшүп калат.

Билесиз, ар бир райондун борборунда жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен үч чакырымдан кем эмес ички жолго асфальт төшөлүүдө.

Бул ошол биздин региондорду өнүктүрүү саясатыбыздын алкагында сөзсүз аткарылчу иш.

Айрыкча бийик тоолуу, элет жериндеги райондордо 30 жылдан бери, Союз ураган мезгилден тартып унутта калган ички жолдорубуз бар.

Ошонун баарын, район борборлорун асфальттоого көңүл буруп жатабыз.

Союз таркагандан кийин жергиликтүү бюджеттин каражаты жетпей, машина эмес, жөө жүргөнгө да кыйын болуп калган жолдор бар.

Үч жылдан бери ушул маселеге олуттуу мамиле кылып жатабыз.

2019-жылы эле 40 райондун борборунда, 8 шаарда 140 км жакын жол асфальтталган. Быйыл 150 км жолду асфальттоо пландалган, план толугу менен аткарылууда.

Коронавирус боюнча абал жакшырып баратат.

Ошентсе да биз ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек. Илдеттин дарысы табылганча, санитардык эрежелерди сактоо — ар кимибиздин милдетибиз.

Илдет басаңдады. Өкмөт да эскертти. Мындан ары илдетти жайылтпоо ар бир жарандын коомдук, социалдык жоопкерчилигинде, кайдыгер болбоңуздар дейт элем.

Ар бирибиз илдеттен өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, балдарыбызды сактаганды үйрөнүшүбүз керек.

Ар бир адам өзүбүзгө кандай мамиле кылганды кааласак, башкага да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Ошондо бул илдет менен күрөштө жеңебиз.

Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Мына Европа өлкөлөрүн көрсөтүп жатышат, мисалы, Италияда, Францияда, Испанияда кайрадан ооруну жугузуп алгандардын саны көбөйүп, май айынан берки жаңы рекорд деп маалымдап жатышат.

         Ошондуктан, «сактыкка кордук жок» демекчи, бул илдеттен коргонуу — ар кимибиздин өз колубузда. Буга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек.

— Covid-19 менен бирге коомчулукта талкууланып жаткан сөз — алдыдагы парламенттик шайлоо. Партиялар съезддерин өткөрүштү. Жаңы саясий сезон башталды десек болот, мындан ары бул багытта божомол, кептер күчөйт. Ар кандай талкуулар болуп жатат. Адилеттүү саясий атаандаштык камсыз болооруна кепилдик барбы, айтылып жүргөн административдик ресурс бийликке көлөкө түшүрбөйбү?

— Мындай сөздөр болот, болбой койбойт, болуп келген.

Азыр саясий атаандаштык абдан курч, муну баарыбыз көрүп турабыз.

Азыр 40тан ашык партия шайлоого катышуу ниетин билдирди. Көпчүлүгүнүн съезддери өттү.

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына ылайык, бир топ иштер аткарылат. Анын өзүнүн милдеттери бар.

Мен буга чейин Президенттен талап кылынган ченемдерди аткардым.

Шайлоого даярдыкты эки жарым жыл мурун эле баштаганбыз. Ар кандай мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселелери боюнча Президенттик Аппараттан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңеш депутаттарынан, коомчулуктан, граждандык коомдун өкүлдөрүнөн атайын жумушчу топ түзүп, бул боюнча абдан узак иш жүрдү.

Ошол мыйзамга ылайык шайлоо эрежелери шайлоого чейин бир жыл калганда бекитилет деген элем. Ошол иштер аткарылды.

Бир жыл калганда шайлоого катышам деген партиялар бардыгы эрежелер менен бирдей таанышты.

Биз түзгөн жумушчу топ ошол иштерди аткарды. Жогорку Кеңештен тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды. Аны коомчулук, баары тең көрүп турду.

Административдик ресурс боюнча айта кетсем.

Ага тоскоол болчу мехнизмдер биздин өлкөдө толук кандуу бар.

Биринчи кезекте — бул шайлоо процессине болгон коомдук көзөмөл.

Мына ушул инструмент — демократиялык, ачык шайлоо өткөрүү үчүн зарыл болгон негизги курал. Бул курал буга чейин да колдонулуп келген. Азыр дагы колдоно башташты. Буюрса, бул куралды байкоочулар, өзүн оппозициямын деп эсептеген саясий күчтөр кеңири колдонушат, колдонуп келген.

Бизде жарандык коом ачык. Аны баарыбыз билебиз.

Шайлоо системасындагы технологиялардын негизинде «бир адам — бир добуш» принциби сакталат. 

Шайлоо системасын таза өткөрүү боюнча алдыңкы технология кирген, ал жакшыртылды. Ошонун негизинде «бир адам — бир добуш» принциби менен өтөт жана бул сакталат. Муну эч ким буза албайт, муну кааласа да, жасайм десе да буза албайт. Ал жерде автоматтык эсептөө, ар бир адам өзү үчүн гана добуш бере тургандай система. Муну бардыгы билет. Аны биз дагы катуу көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтып кеткендей, бардык саясий күчтөр, биздин коомчулук дагы көзөмөлдөйт.

Азыр шайлоочуларда тандоо эркиндиги толугу менен бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын курамында да ар кыл саясий күчтөрдөн өкүлдөр бар. Ар бир саясий партиянын өкүлдөрү бар, Жогорку Кеңеш аркылуу өткөн.

Алардын арасында жарандык коомго ыктаган да өкүлдөр бар.

Мына ушунун баары шайлоо процессине ачык жарандык көзөмөлдү толугу менен камсыз кылат деп ишенем.

Азыр бардык эле партиялар элдин пикири менен эсептешүүгө мажбур. Эмне үчүн дегенде элдин добушу керек. Бул мезгилдин талабы.

Азыр коомдук көзөмөл күчтүү. Ошондуктан, ушундай ачык коомдо административдик ресурсту жашырып калуу мүмкүн эмес.

Акыркы эки жылда интернет бардык жерге кирди, айылдарга жетти. Эгерде ошондой колдонсо, көргөн-билгендин баарын чыгарып жатышат. Ошол үчүн административдик ресурсту колдонуп, жашырып калуу, дагы кайталайм, биздин коомдо мүмкүн эмес.

Эл баарын көрүп, билип турат. Коомдон, элден эч нерсени жашыра албайбыз. Эл тараза.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө, калк турмушун жакшыртууга багытталган мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү парламенттин болушу — бул баарыбыздын утушубуз болот. Буга баарыбыз тең кызыкдарбыз да.

Ошондуктан, мекендештерибиз шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктууларды тандагыла деп айтаар элем.

Шайлоонун ачык, таза өтүшүнө мен баш болуп, жалпы коомчулук активдүү катышуусу зарыл.

— Жогоруда айткандай, алдыда боло турган парламенттик шайлоо боюнча ар кандай талкуулар болууда, мындан ары ар кыл кеп кызыйт эмеспи. Ошондой талкуудагы кептин бири — бийликчил партияларга артыкчылык берилет деген сөздөр да айтыла баштады. Буга кандай комментарий бере аласыз? Өлкө президенти катары Сиз, жеңип келген кайсы партия болсо да, иштешем деген элеңиз.

— Мен буга чейин да айткам.

Мамлекеттин алдыга жылуусу, өлкө стабилдүүлүгү үчүн кандай гана партия жеңип келбесин, мен иштешүүгө даярмын.

Жогоруда айттым, шайлоонун мыйзамдуу, ачык, саясий атаандаштыкта өтүүсүнө болгон шартты түздүк, мыйзам алкагында. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди.

Бардык партияларга бирдей шарттар түзүлдү.

Парламент — элдин тандоосу. Эл кандай адамдарга добуш берсе, ошондой парламент куралат.

Жыл өткөн сайын жарандардын бийликке болгон талабы күчөп жатат.

Азыр жарандык коомубуз күчтүү.

Бийликке болгон көзөмөл абдан күчтүү. Жылдан-жылга күчөп жатат.

Мындай шартта, элдин эркине каршы чыга турган иш-аракеттердин эч кимге кереги жок жана андай аракеттерди эч ким жасабайт деп ойлойм.

Мен өзүмдүн позициямды Жогорку Кеңештин июнь айындагы жыйынында сүйлөгөндө айткам.

Азыр да кайталап коеюн.

Партия — бул жалпы коомдун бир гана бөлүгү болуп саналат.

Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланган Президентмин. Менин таянганым да, ишенгеним да — Кудай, анан элим.

Президент катары кылган ишим үчүн мен ар дайым эл алдында жоопкермин.

Эл талап кылат менден, иш-милдетимди аткарып жатам. Элди кыдырып жүргөндө да менден ошол маселелерди талап кылып жатышат. Элдин талабын билем.

Буга чейин аудиторияга айта элек элем. Азыр кептин кезеги келип турат. Ошол үчүн айта кетейин.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок, ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок да. Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн.

Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Менде мына ушундай ички эркиндик бар.

Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.

Кандай партия келбесин — элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек.

Президент катары, мамлекеттин эгемендигин, бүтүндүгүн, эл биримдигин сактоо — менин негизги милдетим.

Тышкы жана ички саясатта дагы бир топ милдеттерим бар.

Мугалим менен врачтын эмгегин кадырлоо, аларды өлкөдөгү айлык акысы жогору адистердин катарына кошуу, карапайым ишкерлерге шарт түзүү, карыларыбызга, балдарыбызга, муктаж болгон адамдарга кам көрүү, жашоонун бардык тармагында коррупцияны азайтуу. 

Мына менин негизги милдеттерим.

Шайлоодо элге берген убадаларым да ушулар, негизинен.

Ошондон улам акыркы үч жылдан бери Мамлекет башчысы катары жарыялап келаткан саясатым — региондорду өнүктүрүү, өлкөнү туташ санариптештирүү, мына ошол милдеттеримди аткарууга багытталууда.

Президент катары, кийинки келген парламенттин колдоосу мага, мына ушул мамлекеттик багыттарды алдыга жылдыруу, элибиздин жашоосун жакшыртуу боюнча баштаган иштеримди, реформаларды чогуу турмушка ашырууда керек.

Ошондуктан, Президент катары өлкөнү өнүктүрүү үчүн парламентке кандай партиялар келбесин, баары менен иштешүүгө даярмын.

— Урматтуу Сооронбай Шарипович, убактыңызды бөлүп, биздин суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Сизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости