www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүзүңүзгө туура кам көрүүнүн сырларын билесизби?

Өзүнүн жашынан дагы жаш көрүнгөндү ким эле каалабайт. Бирок ал үчүн сөзсүз эле пластикалык методдорду колдонуу керек десеңиз, андай эмес. Алдыда жасашыңыз керек болгон бир канча жеңил жана өтө пайдалуу ыкмаларды NazarNews.kg маалымат агенттиги тизмеледик. Жыйынтыгына өкүнбөйсүз деген ишеничтебиз.

•    Кээде балалык күндөрүңүзгө кайтып барыңыз

Бала кезден жакшы көргөн жерлерге баруу, сүйүп жасаган иштерди кайрадан жасап көрүү сизди балалыктын таттуу күндөрүнө жетелеп, көңүлүңүздү көтөрөт.

•    С витаминине бай азыктарды колдонуңуз

Апельсин, мандарин жана алма баш болгон С витаминине бай азыктарды көп жеңиз. Анткени С витамини сөөк, булчуң, муун жана тарамыш сыяктуу дене ткандары үчүн табылгыс дары болуп, денени бекемдөөчү коллагендин пайда болушуна көмөктөшөт. Жаш көрүнүүнү каалагандар үчүн мындан өткөн  таттуу ыкма барбы?!

•    Жашылчаларды бууга бышырууга өтүңүз

Туура тамактануунун жаш менен болгон байланышы сиз ойлогондон дагы күчтүү. Жашылчаларды колдонууда бууга же кайнатып бышырганга өтүңүз. Куурулган, ысык отто суусуз бышкан тамактар дененин эрте картаюусуна себепкер болот.

•    Колго арналган көнүгүүлөрдү жасаңыз

Айрыкча спорт менен машыкпагандардын булчуңдарындагы майлар адамды улуу көрсөтүп коет. 2-3 кг болгон гантель аркылуу колду бекемдөөчү айрым көнүгүүлөрдү жасаганды адатка айлантсаңыз болот. Ал үчүн пилатес тобуна отуруп, гантелди эки колуңуз менен баштын үстүндө кармаңыз. Андан соң булчуңдар 90 градуска ачыла тургандай гантелди жогору-ылдый көтөрүңүз. Жумасына 3 күн 12 же 15 жолу кайталасаңыз жетиштүү. Бул аракет бир эле мезгилде булчуңдардын картаюусун алдын алат.

•    Куру санаалардан арылыңыз

Жаш көрүнүү үчүн өзүбүздү жаш сезүүбүз дагы маанилүү, албетте. Стресс, санаа, кайгы жана сизге жүк болгон бардык терс эмоциялар өзүңүздү карыгандай сезүүгө алып келип, энергияңызды азайтат. Ошол себептен ар күнү өзүңүзгө мындай деп айтыңыз: “Жашоодо мен контролдой албаган нерселер бар, ал үчүн куру санааларга батпайм”. Мындай ыкманы үзгүлтүксүз колдонуу өз жыйынтыгын бербей койбойт. Таасирин колдонгондо байкайсыз.

•    Косметиканы кылдаттык менен тандаңыз

Сиз колдонгон нымдандыруучу кремден тартып макияжга керектелгендерге чейинки бардык косметикалык каражаттын курамына жана колдонуу эрежелерине маани бериңиз. Коргоочу, калыбына келтирүүчү өзгөчөлүктөрүнө кароо менен парабендүү кошулмаларды колдонбоонун алдын алган болосуз.

Булак: NazarNews.kg

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Последние новости