www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчы ишкерлердин сунуштарын жана көйгөйлөрүн уккан соң өкмөт мүчөлөрүнө көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштөөнү тапшырды.

Жээнбеков бир топ маселелер өз убагында чечилбей келгенине кадрлардын тез алмашканы себеп болгонун билдирди:

- Мен айтып жатам, өкмөт туруктуу иштейт. Шайлоо өз убагында өтөт. Ошондуктан эл, президент койгон милдет, талаптардын үстүнөн иштеши керек.

Ошондой эле президент өнөр жай саясатын аныктоо жаатында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке караштуу Өнөр жай боюнча комитет түзүлөрүн маалымдады. Дал ушул комитет алдында ишкер чөйрө менен кийинки жылы январь айында жолугушуу өтөт.

Президенттин ишкерлер менен жолугушуусунда мамлекеттик органдардагы, соттордогу коррупция бизнестин өнүгүүсүнө, инвесторлордун келбей жатышына себеп болуп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости