www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда КР Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Салтанатка катышкан президент Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинге ыраазычылыгын билдирди.

"Россия бизге чек ара коопсуздугу боюнча эле эмес, башка тармактарга да жардам берип келет. Россия менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүбүз биз үчүн кымбат жана баалуу", — деди өлкө башчы.

Россия менен болгон чет жактагы чек араларды бекемдөө боюнча макулдашуунун үч этабы бар.

1-этапта зарыл инфраструктурасы менен чек ара заставалары курулган.

2-этапта техника берүү жана аны ЕАЭБдин сырткы чектериндеги чек ара заставаларына бөлүштүрүп берүү милдети коюлган. Анын Чек ара кызматынан бардык муктаждыктарын толугу менен жабары айтылды.

3-этапта Кыргызстанга чек араны кайтаруу үчүн универсалдуу жабдуу тапшырылат. Экинчисинде Кыргызстанга ар кыл жолдордо жүрө алган элди жана жүк ташыган автоунаалар берилди. Андан сырткары, сүйрөөчү автокөлүктөр, жүктөөчү экскаваторлор жана башка түрдөгү аскердик-жабдуу техникасы экендиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости