www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында өткөн жыл ичи социалдык төлөмдөрдү жыйноо планга карата ашыгы менен аткарылып, социалдык фондго болгон карыздар 5 миллион сомго азайды. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, 2017-жылы шаар боюнча жыйналган социалдык төлөмдөр көлөмү 785,3 миллион сом болсо, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 790,4 миллион сомду түздү. Демек, мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 миллион сом көп жыйналып, өсүү темпи 100,6 пайызга жеткен.

Аталган бөлүмдүн башчысы Салижан Умаровдун айтымында, социалдык фондго болгон карыздар улам кыскарып баратат.

-Эгерде шаар боюнча социалдык фондго болгон карыздар 2017-жылы 29,3 миллион сом болсо, өткөн 2018-жылы анын көлөмү 23,7 миллион сомго туура келип, жыл ичинде 5,: миллион сомго азайды, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 2019-жылдын 1-январына карата 8140 пенсионер каттоодо турган. Ал эми 2018-жыл ичинде пенсияларды төлөөгө 518,6 миллион сом жумшалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости