www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду жана тажикстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкө башчысы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Эмомали Рахмондун жетекчилигинде Тажикстандын жетишкендиктерин белгилеп өттү.

«Биздин кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган биздин күч-аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейишине олуттуу түрткү берет деген ишенимдемин. Боордош элдерибиздин бактылуу келечеги жана тынчтыкта жашоосу үчүн коюлган кмаксаттарга жетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алабыз деп ишеним артам», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости