www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Парламенттик шайлоодогу мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун менен чет өлкөлөрдүн каржылоосу менен уюштурулган сурамжылоолордун күңгөй-тескейи тууралуу баарлаштык.

-Турсунбек агай, парламенттик шайлоону утурлай чет өлкөлөрдүн, Эл аралык институттардын Кыргыз Республикасынын ички ишине кийлигишип жатат деген маалыматтар күч алды. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Бул маалыматтын да чындыгы бар. Бул маселе мени да санаркатат. Айтайын дегеним, Жакында USAIDдин колдоосунун аркасы менен Cenfer forInsights in Survey Research Эл аралык республикалык институттун көрсөтмөсү боюнча SIAR Research and Consulting компаниясынын изилдөөсү чыгып, анда алар Парламенттик шайлоонун алдында элдин пикирин сурамжылоону жарыялашты. Ушуга окшогон эле башка изилдөөнү “Общее дело” деген коомдук фонд аркылуу 2 ай мурун заказ бердирип жарыялашкан. Аталган институт тарабынан уюштурулган сурамжылоодо Кыргыз Республикасынын Президентин жана депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамынын 40-статьясы одоно бузулууда. Айтайын дегеним, 40-беренеде беренеде чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар, юридикалык жактар тарабынан шайлоо ишин каржылоого жол берилбей тургандыгы айтылат. Аталган институт бул шектүү изилдөөлөрдү каржылап бир жактуу, такталбаган, чындыкка дал келбеген субъективдүү маалыматтарды таратып, элдин шайлоо алдындагы көз карашын бурууга аракет кылды деп эсептейбиз. Анткени, алар ошондой аракети менен коомдук пикирди өзгөртүүгө аракет кылып жатканы ачык байкалып калды. Өкүнүчтүүсү, алар сурамжылоо уюштурумуш болушуп, тымызын Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатышат. Азыр элибизди пандемия каптап, экономикалык абал оор болуп турган чакта абалды курчутуп жиберүүгө түрткү болчу мындай коомдук сурамжылоолорду уюштуруу өтө кылдаттыкты жана аяр мамиле кылууну талап кылат. Мындай учурда сурамжылоолор айрыкча чет өлкөлүк уюмдардын каржылоосу менен өтпөшү керек.

-Чет элдик уюмдардын каржылоосу менен уюшулган сурамжылоолор башка максатта уюштурулабы?

-Шайлоонун жүрүшүндө мындай коомдук сурамжылоону саясий партиялар түрдүү максатта пайдаланып, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына жана максаттарына жетүү үчүн колдоно башташат. Алар коомдук пикирди өзүлөрүнө буруу үчүн бардык методдорду жана маалыматтарды пайдаланышат. Чет өлкөлүк уюмдардын каржылоосу менен уюшулган бир жактуу, үстүртөдөн болгон изилдөөлөр мына ушундайларга курал болуп жатат. Бул биринчиси. Экинчиси, сурамжылоого катышкандардын өздөрү менен бетме-бет жолукпастан, сурамжылоону телефондон уюштурушуп жатат. Телефондон алган сурамжылоо менен жыйынтык чыгаруу илимий же башка терең изилдөөлөрдүн категориясына кирбейт жана күмөн туудурат.

-Бирок, сиз алардын аракетинен шек санап жаткан эл аралык институттур демократияны өнүктүрүүгө салым кошот деп айтышат го?

-Сурамжылоолорду уюштуртуп жаткан Эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укугун коргоо, сөз эркиндигин камсыз кылуу, бейөкмөт уюмдарды колдоо багытында көп аракеттерди жасап жатканы чын. Алардын эмгегин билебиз. Бирок, мындай учурда бир жактуу сурамжылоолорду уюштурууда этият мамиле кылышса жакшы болот эле. Анткени, массалык маалымат каражаттарына чыккан ар-кандай маалыматтарга, макалаларга, түрдүү изилдөөлөргө элибиз ишенип, анан ошого жараша жыйынтык чыгарышат. Айрыкча шайлоонун алдында элибиздин саясий активдүүлүгү ого бетер күчөп, ММКга чыккан маалыматтар катуу талкууланып, алар тууралуу коомдук пикир чагылгандай тездик менен түзүлүп турган мезгил.

Ошон үчүн коомчулук жана шайлоочулар тарабынан көп колдоо таппаган, элдин арасында көп кадыр-баркка ээ эмес партиялар алдыңкы орундарга жылдырылып, тескерисинче, элдин ишенимине татыган, элдин калың катмарынын колдоосуна ээ партиялар арткы орунга жылдырылганы орунсуз болуп калды. Ошон үчүн жогорудагы аталган сурамжылоолор чындыкка жана реалдуулукка түк дал келбей, шайлоочулардын башын айлантуунун гана амалы болуп жаткансыйт.

Чет элдик партиялардын, түрдүү компаниялардын эл аралык уюмдардын көрсөтмөсүнүн жана каржылоосунун негизинде шайлоолордун алдында сурамжылоо жүргүзүүсү алардын көз каранды эмес, эгемен мамлекеттин ички саясий ишине кийлигишүү катары карап, коомдук пикирди башка жакка бурууга карата жасалган аракет деп бааласак болот. Бул кандайдыр бир деңгээлде улуттук коопсуздукка да өзүнүн тескери таасирин тийгизиши толук мүмкүн.

Ошондуктан алар сурамжылаган адамдардын пикирин “бүткүл өлкөнүн пикири” деп эсептөөгө болбойт. Биз эл аралык уюмдарды жана башка чет өлкөлөрдү мамлекеттин ички ишине кийлигишпей, өздөрү каалаган коомдук пикирди түзүш Кыргызстандын жарандарынын өз кызыкчылыктарына пайдаланбоосуна чакырабыз.

Белгилеп кетүүчү жагдай, мындай изилдөөлөрдү өлкөнүн азыркы иштеп жаткан мыйзамдары менен жүргүзсө болот. Ал эми бул ишке чет элдик каржылоону колдонуу, өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат. Ошон үчүн бул сурамжылоолордун жокко чыгарышын жана артка чакыртылып алышын талап кылабыз. Ошондой эле бул өтүнүчтү түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимибиз зор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости