www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дусанбай Касеиновго «Данакер» орденин тапшырды.

Мамлекет башчысы Дусанбай Касеинов жетектеген ТҮРКСОЙ уюму түрк тилдүү мамлекеттер арасында руханий көпүрө болуп, чоң ишалып барып жаткандыгын, ошондой эле эл аралык аренада чоң кадыр-баркка ээ экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Дусанбай Касеиновго Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон жеке салымын жана өлкө үчүн маанилүү иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгүн, ошондой эле кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын сактап, эл арасына кеңири жайылтып жаткандыгын баса белгиледи. Жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Атап айтканда, Мамлекет башчысы ТҮРКСОЙдун башкы катчысына 2018-жылды  Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялагандыгы жана кыргыз жазуучуларынын жана акындарынын китептерин басып чыгаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Дусанбай Касеинов Президент Сооронбай Жээнбековго жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, ТҮРКСОЙ өз ишинде ар дайым Кыргызстандын жетекчилигинин колдоосун сезгендигин белгиледи.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы  жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө айтып келип, 2018-жылды  Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону уюмдун баардык мүчөлөрү колдогонун жана жазуучунун   90 жылдыгына арналган иш чаралар көптөгөн мамлекеттерде өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, ноябрь айында Японияда Кыргыз Республикасынын элчилигинин көмөктөштүүсү менен Айтматовго арналган иш чаралар өтөт.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Касеинов Дусанбай Курабаевичти  „Данакер“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости