www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-октябрь күнү Кыргыз Республикасынан Акыйкатчысы Токон Мамытов Адам укуктары боюнча Дания институтунун (ДИПЧ) өкүлү Болот Исаков менен жолукту. 

Жолугушууда Европа Биримдигинин демилгеси жана каржылык колдоосу менен “Кыргыз Республикасынын укук  үстөмдүгү” программасынын экинчи фазасынын алкагында бирдиктүү иштердин келечеги жана багыттары айтылды.

Мындан тышкары, Европа Биримдигинин алкагында адам укуктарына тиешелүү маселелер жана Акыйкатчы институнун дараметин жогорулатууга багытталган сунуш-пикирлер ортого салынды. 

2018-2019-ж.ж. Акыйкатчы аппараты жана Европа Биримдигинин ортосунда аткарылган иштер өтөсүнө чыгарына эки тарап тең кызыктар экени баса белгиленди.

Айта кетсек, Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда биринчи долбоорго 2014-жылы кол коюлган. Башкы максат-укук тармагын өнүктүрүү, анын ичинен Акыйкатчы аппаратынын ишин жакшыртуу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости