www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы убактылуу камакка алынды. Бул маалыматты “Ынтымакка” Ош облустук прократурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Баймырза Маатов тастыктады.

Маалыматка ылайык, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысына  айдоо жерлерине мыйзамсыз турак жай курууга уруксат берген деп кылмыш иши козголгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн тергөө амалдарынын соңунда айыл өкмөт башчыны убактылуу камакка алуу боюнча чечим кабыл алынды.

Азыркы тапта бул иш сот органына өткөрүлүп берилди. Ал эми баш коргоо чарасы соттун чечиминен соң анык болот.

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы буга чейин ден- соолугуна байланыштуу ооруканада жатканы айтылган. Кече чыккан чечимден соң, ал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө алынды.

Булак: "yntymak.kg"

Последние новости