www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өлкө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости