www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү, жалпысынан сот системасынын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында судьяларды которуштуруу (ротация) жана айрым соттордо судьянын жардамчысы кызматтарын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле сотторго жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүндө эки өз алдынча бөлүк түзүлгөндүгүн баса белгиледи, алар: соттордун чечимдерине гана жооп берүүчү жана алардын сапатын жогорулатуучу Мажбурлап аткартуу кызматы жана сотторду материалдык-техникалык камсыздоого жана сот аппараттарынын потенциалын жакшыртууга гана көңүл бурган Сот департаменти.

Мындан сырткары, Соттук-укуктук реформалар боюнча кеңештин чечимдерин аткаруу жана сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жаатындагы маселелер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот жана сот аткаруучу блоктор жаатында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал соттордун сот жыйындарын аралыктан өткөрүүгө толук даяр эместигин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Анын дарегине судьяларга карата даттануулардын келиши уланып жатканын, алардын көпчүлүгү ашыкча убаракерчиликке, соттук териштирүүнүн создуктурулушуна байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.    

Мамлекет башчысы сот системасын мындан ары санариптештирүүнү, анын ичинде сот жыйындарынын бардык залдарына аудио-видео жаздыруу жана соттордо электрондук иш кагаздарын жүргүзүү системаларын толук киргизүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча мерчемделген иштерди ушул жылдын соңуна чейин аягына чыгаруу зарылдыгын баса белгилеп, судьялардын ишинин сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости