www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүгүбүздөгү жылдын 2-мартында борбордук Ала-Тоо аянтында болуп өткөн абактагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде абал курчуп, аялдар Ак үйдүн жанына келип бийликти чыгып, жооп берүүнү талап кылышкан. Ак үйдүн күзөтчүлөрү аялдар келе жатканда шлагбаумду ылдый түшүрүп, дарбазаны жаап, суроолорго жооп берген эмес.

Ошондой эле, чыгып келе жаткан дагы бир кызматкерди кармап алып, “Сооронбай Жээнбековду бизге алып кел” дегенде, "Тааныбайм аны" деп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн сектор башчысы Эмил Кубанычбекович айткан эле.

Коомчулуктун талкуусуна калган бул сөзгө Эмил Кубанычбекович Инстаграмм баракчасына төмөндөгүдөй Кайрылуусун жазып чыкты.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Урматтуу мекендештер! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, соңку күндөрдөгү өлкөбүздө болуп өткөн окуя... Себеби, унчукпай коюууга, көңүл бөлбөй өз ишимди кыла берүүгө ар бириңиздердин айткан ой пикириңиздер жол берген жок. Ооба, мен "тааныбайм" деп жооп бердим. Себеби, кеп, сөзгө келбеген, "ЭНЕмин" деп, бирок, бирөөнүн баласын жулмалап, ур-тепкиге алган эжекелерге башкача жооп берүүгө мүмкүн эмес болчу! Билбейм деген бир сөз, билем деген миң сөз демекчи, билбейм, тааныбайм деп оңой кутулганымды эч кандай саясатташтыруунун кажети жок! Ал эми АЯЛ кишиге теңелип, кайра жооп ирээтинде кол көтөрбөй басып кеткендигим бул, коркоктугум эмес, бул менин Кыргыз Аялдарына болгон сый - урматым деп түшүндүрөөр элем!!! Андан дагы, кечээги күнү Кыргызстандагы белгилүү эле бир телеканалдын алып баруучусунун "сиз негизи президентти тааныйсыз да ?" - деген суроосу кызык болду 😊 Менимче, азыркы учурда, Ажобуздун атын беш жаштагы бала дагы билсе керек! Же "таап кел!" - деп буйрук берген эжекелерге "Тааныбайм" деп тез кутулуу аракетинде шашыла берген жообум билими, түшүнүгү жогору адамдар үчүн дагы Чындай сезилгени күлкүнү келтирет 😄. #ток_этээрин_айтканда

Публикация от Emil Kubanychbekovich (@emilkubanychbekovich)

Эске сала кетсек, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости