www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 5-мартта Меган Маркл менен ханзаада Гарри Лондондогу “Endeavour Fund Awards” сыйлык тапшыруу аземине келген учурдагы сүрөттөрү көпчүлүктүн алдында суктанууну жаратууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

 


Белгилей кетсек, бул герцог менен герцогинянын падышалык үй-бүлө мүчөсү статусунан баш тарткандан кийин, эл алдына биринчи жолу чогуу чыгуусу.

Андыктан, сүрөтчүлөр алардын ар бир кадамын сүрөткө тартып калууга ашыгышкан.
Тактап айтканда, жамгыр жаап жатканда жубайлардын кол чатыр алдында келе жаткан сүрөттөрү социалдык тармактарда “тасмадагыдай” деген баага татыды.

 

Бул Мегандын “мегзиттен” кийинки биринчи эл алдына чыгуусу жана ал аябай эффективдүү болду.  Герцогиня бул жолу Victoria Beckhamдин баасы 1 285 доллар турган көк түстөгү көйнөктү тандап алган. Ага ылайыктап, Manolo Blahnik фирмасынан жабык-көк түстөгү туфли кийип, ошол эле түстөгү Stella McCartney фирмасынан клатч көтөрүп алган. Ошондой эле, Jessica McCormack бриллинаты менен кызгылт алтын браслет жана алтын сөйкө тагынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости