www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-декабрда Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Анда айтылгандай бул жолку жыйында «Кыргызстанда санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралат.
Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынын быйыл 8-февралда өткөрүп, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча талкуу болгон. Жыйынтыгында 45 иш-чарадан турган чечим кабыл алынган. Анын ичинде мурда-кийин токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу, коррупцияга каршы күрөштүү күчөтүү өңдүү чаралар камтылган.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу журналисттерге утур-утур маалымат берип келет.
Булак: NazarNews.kg