www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ илгертеден бери айтылган кеп бар эмеспи “бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашты жечү көп” деген. Ансыңары, адам баласы үчүн оозду чоюп бирөөнү сындап койгондон өткөн жеңил эмне бар. +згөчө, биздин кыргыз элибиз акыркы убактарда сөз менен гана иш бүтүрүп, эки жүздүүлүктүн бет кабын кийип, бирин-бири кооз сөздөр менен сындагандын негизинде, өлкөбүз өсүп-өнө албай туюкка камалып жыйырма жети жылдан бери алдыга жыла албай келе жаткан кези. “Акты-ак, караны-кара” деп айтпай, осуйпалуу кызматтан көздөрү өтүп, өлүм башка келбечүдөй, мен гана жашасам деген таисте, байлыктын түбүнө жете кубалап, элдин ырыскысын талап тоногон жеп ичээрлер кызмат ордунан пайдаланышып, өсүп келаткан кийинки муундарга өздөрүнүн жаман гана сапаттарын көрсөтө алышты. Болбосо бир жакшы жылыш болот эле го?

Баарыдан да “мен кыйын” деген билермандарыбыз бири-бирин сындап жатканда, убакыт токтоп турбай өз нугунда өтүп, кимдин-ким экенин билгизип койду го?   Бул жерден сөздү көп чойбой негизги сөзгө өтсөк.

Кечээ жакында эгемендүүлүктү колго алып, орус элине баш ийүүдөн кутулганда, алгач эле тоо арасында жүргөн кыргыз элинин караңгы көзүн ачып тамга таанытып, ушундай заманга жеткирген байкуш Ленинди сындап, эстелигине асылганыбыз эмне деген сөздү айтырат. Чын-чынында Ленин ошол кездеги ач-көз, зулум байлардын колунан бийликти кедейлерге алып берип, элдин жашоосун оңдоду эле го. Балким, пенде болгондон кийин андан деле катачылык кеткендир, бирок эстеликте эмне күнөө? Үстүбүздө улуу Алла ким эмне ойлоп, эмне иш кылып жатат көрүп турат.  Бир Алладан жана убакыттан өткөн калыс эмне бар.

Жээнбеков такка олтурганына аз убакыт өтпөй, колдон келишинче сындап, кулак угуп көз көрбөгөн окуялар кеп кылынды. Ажо иштин алдыга жылышына колунан келишинче аракет кылып, болгон аракетин жасап жатат го? Бир жыл болду, эмне кылып жиберди деген сөздөр айтылып, ал турсун ал кишинин туугандарына да асылып чыккандар бар. Айтмакчы, Жээнбеков такка отурганы өзү айткандай көзгө көрүнгөн көп эле иштерди жасады. Бирок аны сын такканды жакшы көргөн элдин көзү көргөн жок, көргүсү да келбейт. Бир кезде Акаев менен Бакиевди, анан Атамбаевди ооздорунан ак көбүк чыкканча көркөм сөз менен сындаган адамдар, акыры эмне болушту. Бир ушакты угуп алышып эле, анын аягын толук билбей опурула бергенден эч майнап чыкпайт, чыккан дагы эмес.

Ар бир иштин башталган жана бүткөн учуру болот эмеспи. Ансыңары, башталган иш аягына чыга электе эле, бүтүм чыгарып, ушакчы катындардай чырдын сөзүн баштаган бул өзү ишке бут тоскондук экенин ким тана алат. Деги качан кыргыз калкы ынтымакка келет. Бир кезде уруу-урууга бөлүнсө, азыр түндүк-түштүккө бөлүнүп, ортодо кулак угуп көрбөгөн сөздөр айтылып жатат. Ким, бийликти мактап койсо болду, аны эл душманындай көрүп калбадыкпы. Чынында адептүү адам, душманы туура сөз айтып, туура иш кылса аны жактайт. Бирок, биздин элде андай сапат жокко эсе. Тууган менен колунда бар киши эмне десе ошонун сөзүн сүйлөп, көптөгөн жемиштүү иштерге жетпей калып атканыбыз өкүнүчтүү эмей эмне.

Айткандай бул бийликке асылган адат эми элибиздин канына сиңип калбаса болду.  Сөз көтөрүмдүүлүк жигиттеги эң чоң жакшы сапат. Жээнбековго баа бердим. Бир  жылдын ичинде чучукка эмес, жүлүнгө жеткен сөздөр айтылып, басма сөз беттерине жазылды. Кайсы өлкөдө бар, ажонун дарегине ачуу сөз айтуу. Албетте, ажого айтылган сын-пикирлер башка өлкөлөрдө биздикинчелик тайыз түшпөсө керек. Колунан эч иш келбеген гана эл, бүт күчүн тилинен чыгарат. Балким биз ажого жок дегенде жылуу сөз айтып, жардам берсек, иши алдыга жылат беле... Качан болсо, ажону сындап эле келе жатабыз. Деги сындын аягына чыгат болдук бекенбиз. Учуру келип Жээнбеков такты бошотуп берип, башка адам ажо болсо айтаарыбыз бышык “Жээнбеков эле жакшы болчу” деп. Анткени, биз учурунда эч качан адамдын эмгегин баалай билбейбиз. Качан көзү өткөндө же иштен кеткенде артынан жакшы сөз сүйлөп калган биздин элдин адаты. Кечээ эле Айтматовдун көзү тирүү кезинде “сараң экен, жада калса туулуп өскөн айлына эч жардам берген жок” деген сөздү кулагыбыз чалды эле. Көзү өткөн соң эмгегин баалап баштадык. Ушуну көзү тирүү кезинде жасап койсок, көңүлү өсүп, элге ыраазы болуп кетет эле го. Анын эмгегин баалабаганыбыз үчүн китептери чет элде басылганы жалганбы? Деги качан биз өзүбүздү, өзүбүздөн чыккан уул-кыздарды учурунда баалап, сыйлай алабыз.

Сөз соңунда не дейин. Эл болгондон кийин не бир түркүн сөз чыгат. Азыраак бийликти жактап, тактап айтканда ажонун дарегине жылуу сөз айткан болдум. Кээ бир түркөй адамдар Жээнбековго жагалданып жазды же анын куйругу деп чыгышы толук мүмкүн.

Мен Жээнбеков кандай иштеди ага так маалымат бере албайм, бирок ал кишини чын ниетимден сыйлайм. Себеби, улуу Алла өзүнүн сүйгөн пендесин гана бийликтин бийик секисине чыгарат. Демек, Аллага жаккан пенде мага да жагат. Бир жыл илгери  шайланган президент да Жаратканга жаккан пенде болгон үчүн ажо болду.  Ал кишинин ишине ийгиликтерди каалайм  адилет жана калыс болуп, эң негизгиси сөз көтөрүмдүү болсо болгону. Анткени биздин эл ачуу сөз менен сын айтканды жакшы көрөрү бештен белгилүү иш эмеспи.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости