www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты ал мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдеттүү эмес деп эсептейт. 29-январда адвокат Жыргалбек Бабаев маалымат таратып, Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүү аракетин көрүп жатканын билдирди:
--“Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин “банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган” дегени курулай жалаа, ишке саясий боек берүүгө жасаган далалаты. Зилалиев сейфтик кутуча ачып, бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев кутучадагы акчаны алып кеткен”, деди жактоочу.
Булак: NazarNews.kg