www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абулгазиевге

КАЙРЫЛУУ

Биз, Макмалалтын комбинатынын жумушчулары, айлабыз кетип, болуп жаткан терс иштерге көзүбүздү жумгандан тажап, сизге кайрылып жатабыз. Макмалалтын комбинаты иштегенге 30 жыл болуп калды, бирок биздин Тогуз-Торонун эли бул комбинатта болгону акыркы 15 жыл толук кандуу иштеп, бул комбинаттын түзүлүшү жана кылган жумушуна түшүнүк пайда болду. Буга чейин бардык адистер Бишкектен жана башка аймактардан келип иштечү. Мындайча айтканда биз комбинаттын акыбалы орто кезде иштеп баштап, бүгүнкү, комбинаттын эскирип, тоо кендери азайып калган кезде дагы комбинатты эптеп жумуш абалында кармап турабыз. Чындыгында комбинаттын биздин экологияга берген терс таасири өтө көп, бул азыр иштеп жаткан комбинаттын эскилигинен дагы, алтын ширетүүчү технологиянын дагы эскилигинен. Биздин арабызда майып, оорулуулар көп. Азыркы кезде комбинатта айлыктар кескин азайып, премия, 13 айлык дегендерди унутканыбызга көп болду. Комбинаттын директору Дыйканов Каныбектин сөзү боюнча комбинат чыгашалуу болуп, Кыргызалтынга зыян келтирип жатат, план толбогон үчүн кошумча акча төлөнбөйт дейт. Убагында комбинаттын эсебинен бүтүн Кыргызалтын жашачу. Биз иш качан оңолот деп сурасак, инвестор келип комбинатка акча кириштирип, жабдууларды жаңылагандан кийин болот дешет. Азыр Макмалалтын, Кыргызалтынга жылына 300 миллион сом чыгаша алып келип жатат. Бирок биз жумушчулар бул каражатты көргөн да жокпуз, сезген да жокпуз, бизди иштетпей туруп бул акчаны таратса дагы 100 миллион сом ашып калмак. Биз таң калып жатабыз, бул каражат каякка сарпталып жатканын, комбинаттын жабдыктарын оңдоо иштерин баардыгын өз күчүбүз менен жасайбыз, техникаларды өзүбүз оңдойбуз. Бүгүнкү Кыргызалтындын жетекчиси Алимбеков Алмаз биздин комбинатка өтө кайдыгер, начар мамиле кылып жатат, жылына келсе бир жолу келет, кээде бир жылда бир жолу дагы келбейт, бир күн туруп кайра качып кетет, ал эми Ыссык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” санаторийге 1-2айда барып турат. Биз Макмалалтындын жумушчулары, комбинаттын чыгаша менен иштеп жатканынын себептерин жакшы билебиз, бул – комбинаттагы алтындын уурдалышы, жабдууларга деп сарпталган акчалардын уурдалышы. Бул уурулук, уюшкан кылмыштуулук топтун тарабынан болуп жатат. Ал топтун башында кыргызалтындын төрагасы Алимбеков Алмаз отурат жана комбинаттын директору Дыйканов Каныбек, ЗИФтин начальниги Алмаз Исмаилов, кыргызалтындын коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Канымбетов (ГКНБнын кызматкери).

Бул топ алтын уурдоонун жаңы жолдорун ойлоп таап бүгүнкү күндө айына 5кг алтынга жакын уурдап жатышат. Орточо эсеп менен алганда 5000гр * 2900сом = 14 500 000 сом айына алтындан гана уурдалат, жылына 174 000 000 сом алтындан уурдалат. Жабдуулардан, техникадан, саляркадан канча уурдалганын эсепке албаганда дагы. Эгерде бул уурулуктар жоюлганда комбинат чыгашасы жок жакшы иштемек. Алимбеков бизге инвестор деген жомогун 3 жылдан бери айтып келе жатат, бирок инвестордун келүүсүнө кыргызалтын эч кандай шарт түзбөй, тескерисинче бут тосууларды жасап жатат.

Анын мандеми түшүнүктүү, ким көмүскөдөн түшүп жаткан миллиондордон айрылгысы келет. Макмалда алтын уурдоонун далили катары, урдоонун ыкмасын айтып берели. Тоодон кендин анализдери 2,5-5гр алтын бир тонна кенге чыгат. Бирок алтын ширетүүчү ЗИФке кирген анализдер 1гр алтын тоннасынан ашпайт. Уурулуктун баардыгы ЗИФте болот. ЗИФте төрт смена бар, ар бир смена вахта менен 15 күн иштейт. Ар бир сменага уурдоонун планы коюлат. Алтынды кенден ширетип жатканда серный менен азотный кислота кошулат, анда алтын ээрип сууга аралашып кетет. Ошол жакка тряпканы малып, аны комбинаттан алып чыгып кетишет. Кийин ал тряпканы ысытып күйгүзгөндөн кийин таза алтын калат. ЗИФтен алтындын уурдоосун ЗИФтин начальниги Алмаз Исмаилов көзөмөлдөйт. Алтындын комбинаттан алып чыгышын, жана арам акчаны бөлүштүргөндү коопсуздуктун жетекчиси Нурдин Канымбетов көзөмөлдөйт. Бул уурулуктун иизин жашырыш үчүн Алимбековтун буйругу менен баардык контролдоп эсептеп туруучу приборлор бузулган.

Мурун пульпада, гидроциклондо жана калдыктарга кетчү заттарда датчиктер турчу, алар концентраттагы алтындын, жана хвостохранилищеге кетип жаткан алтындын содержаниесин көрсөтүп турчу. Бир жылдан ашык алардын көбү бузулуп, ар кайсы себептер менен оордуна жаны приборлор коюлбай жатат. Демек, уурдалып кеткен алтынды технологиянын, жабдыктардын эскиришине шылтап койсо болот. Бул тармакты комбинаттын директору Каныбек Дыйканов менен Алимбековтун техникалык адистери көзөмөлдөшөт.

Эмнеге мындай уурулукка жол ачылды? Мурун Макмалалтындан таза доре сплавтагы алтын чыкчу. Ал түздөн түз Кара-Балтадагы аффинаж заводуна барып ал жактан лабораториядан өтүп анда алтындын көлөмү так аныкталчу. Акыркы 2,5 жыл Макмалдагы өтө бийик температурада алтын ээритүүчү индукциялык меш иштебей турат. Бул атайын иштен чыгарылып, ар-кандай себептер менен кайра ишке кирбей турат, эмесе аны ишке киргизүү үчүн көп деле каражат кереги эмес.

Ошондуктан Макмалалтындан азыр алтын кара кир, катодный осадок, түрүндө чыгат, ага тряпка, жэ башка каалаган нерсени малып оңой уурдап кетсе болот. Андан кийин анын уурдалгандыгын эч ким далилдей албайт, анткени бир дагы көрсөткүч иштебейт. Биз Макмалалтындын жумушчулары, өзүбүздүн ден-соолугубузду кыйып, өндүрүштө жашообузга болгон коркунучка карабай, айына 10 миң сом үйгө алып баралы деп иштеп жаткан учурда, бизди башкаргандар ушундай миллиондогон акчаларды уурдашы бул кандай нерсе? Биз ушунча жыл иштеп, буларга окшогон кылмыштуулук топту, өзүнүн жетектеген ишканасына жырткынчылык мамиле кылган, зөөкүр башкармаларды биринчи жолу көрүп жатабыз. Бул кылмыштуулук топтун арасында баш кесер криминалдар дагы көп, коопсуздук кызматкерлери дагы көп.

Ошондуктан биздин кайрылуубузду ачык жарыялоо биздин жашообузга жана ишибизге коопсуздук жаратат. Эгерде сиз бул маселени көтөрүп, биз көрсөткөн далилдер боюнча көз карандысыз иликтөө уюштурсаңыз, биз ачыкка чыгып, дагы көп кылмыштуулук фактыларды берүүгө даярбыз.

Макмалатын комбинатынын жумушчулары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости