www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-апрелден 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдү өрт чалып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Бул тууралуу маалыматты Азатык билдирди.

Министрликке өрт чыкканы тууралуу түнкү саат 23:23тө маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн, Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн эки бөлүм, №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Аларга Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) авто унаасы менен келип, көмөктөшкөн.

Өрт кырсыгынын натыйжасында 5-кабаттагы эки батирдин эшиги, коридору жана үй эмеректери күйгөн.

Алдын ала алынган маалымат боюнча өрттүн кесепетинен алты адам жабыркап, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Мындан сырткары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 20 кызматкер жана "Тез жардам" кызматынан үч бригада тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Өрт 00:50дө толук өчүрүлгөн. Учурда себеби такталууда. Кошумча маалымат берилет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости