www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сосновка айылында Mercedes-Benz Atego жүк ташуучу унаасы жолго чуркап чыккан 5 жашар баланы өлтүрө сүздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 22-апрелде саат 18:26да болгон, унаанын айдоочусу 1968-жылы туулган Г.Б. болгон. Айдоочу Бишкек-Ош унаа жолунда түштүк тарапты көздөй бара жатканда жолдун 80-чакырымында жөө адамдар өтүүчү тилкеден 50 метр алыстыкта ​​жаш бала жолго чыга калган.

натыйжада 2018-жылы туулган Х.Н. окуя болгон жерде каза болгон.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости