www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

 

Бишкек шаардык соту жарандык активист Айбек Теңизбайды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) сунушу менен эки айга камакка алды. 

Ал 11-декабрда кармалган. УКМКнын билдиришинче, Теңизбай социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козутушу мүмкүн болгон постторду жарыялаган деп айыпталууда. Эксперттик корутундусунда анын материалдарында улут аралык кастыкка түрткү берген белгилер бар экенин тастыктаганы айтылат.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу”) боюнча иш козголгон.

Сотто Айбек Теңизбай атайын кастык козутууга аракет кылбаганын билдирип, адвокаты аны электрондук көзөмөл менен бошотуу өтүнүчүн берген.

Айбек Теңизбай буга чейин Түркияда магистратурада окуп, билим берүү тармагында иштеп, президенттик аппаратта жана парламентте кызмат өтөгөн.

Последние новости