www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча өкүм чыгарды.
Эске салсак, кырсык 2019-жылы 7-июлда Чолпон-Ата шаарында болгон. BMW X7 катуу ылдамдыкта Lexus ES 330 унаасын сүзүп, унаада отурган төрт жигит каза болуп, БМВнын эки жүргүнчүсү жана айдоочусу ооруканага жаткырылган. Парламенттин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков БМВ унаасында жүргүнчү катары отурган. Анын досу Элдияр Халмурзаев унааны айдап бара жаткан деп айтылат.
Соттун 2020-жылдын 11-ноябрындагы өкүмү менен Халмурзаев күнөөлүү деп табылып, үч жылга транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылга эркинен ажыратылып, ошондой эле ага 70 миң сом айып салынган.
Бирок, кылмышкер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзамга ылайык абактан бошотулган. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза өз алдынча аткаруу үчүнкүчүндө калган.
«Жаза колдонууда сот кылмыштын мүнөзүн эске алып, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен ал жашы жете элек эки баланын камкорчусу деп табылгандыгын жана үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу экендигин эске алган. Жана ошондой эле жабырлануучу тарап да ага эч кандай дооматы жок экенин айтып чыгышкан", - деп билдиришти соттон.
Алгач Халмурзаев экспертизадан кийин кармалган, бирок кийинчерээк Каракол шаардык соту аны үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.
Булак: NazarNews.kg