www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков менен баарлашып, коомчулукта кайчы пикир жаратып жаткан Башмыйзам боюнча пикирин айтты.
-Бейшенбек мырза, эмне үчүн башмыйзамдын жаңы долбоору талкууга чыгаар замат негативдүү пикирлер айтылып, эски заманды эңсеген Конституциядай кабылдап жатышат?
-Жаңы Башмыйзам боюнча ар түрдүү пикирлердин болушу мыйзамдуу көрүнүш. Кыргызстандын демократиясында, эч ким пикир айтпай, бир ооздон колдоп, кошомат кылып кетсе, каршы пикир айткандан корксо, ошондон кооптонушубуз керек. А дегенде эле каршы пикирлердин айтылганы жакшы. Ар кандай пикирлер айтылып, талаш-тартыш болуп анан алымча, кошумчасы киргизилип, элдин суроо талаптары эске алынып отуруп, анан элге жаккан Башмыйзам кабыл алыныш керек. Ошон үчүн биринчи каршы пикирлерден кооптонбой эле оңдоп, түзөөгө аракет кылалы. Эски заманды эңсейт деп жээрибейли.
-Кыргыз тилине басым кылып жаткан жаңы бийлик неге Башмыйзамды кыргызча эмес, орусча жаздырган?
-Бийликте отургандардын көбү батышчыл, орусчулдар, сыртта окуган, алардын маданиятын сиңирип алгандар иштешет. Ошондуктан булардын жазган мыйзамдары Кыргыз элине иштебейт, кабыл алынбайт, сиңбейт. Көпчүлүк учурда чет мамлекеттердин мыйзамдарын ЭКСПОРТтоп, плагиат кылып көчүрүп алышчу. Ал адаттарын азыр да кайталашты. Бийликтегилер орусча окуйт, орусча жазат, орусча, жашайт, орусча ойлонот, орусча түш көрөт. Ошон үчүн кыргызча эмес, орусча жазышты.
-Эмнегедир эл арасында Конституциянын жаңы долбоорунан кийин октябрдагы толкундоолор бийликти бир колго топтоо үчүн болду беле деген нааразычылыктар күч ала баштады го?
-Албетте, элдик толкундоолор элди иренжиткен Башмыйзам жазылсын, мурунку 3 партиядагы азаматтар эле кайра элди башкарсын деп болгон эмес. Элдин үмүтүн актап, жаңы бийлик жакшы иштесе экен. Бир топтун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылбаса экен. Элдин ишеними сынбаса экен. Таза шайлоо өтүп, таза бийлик, таза коом түзүлсө экен. Кыргызстан эски жолго түшпөй жашоону жаңы барактан баштаса экен.
Булак: NazarNews.kg