www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын бүгүнкүгө белгиленген жараяны болгон жок. Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова анын дале дарылануудан өтүп жатканын билдирди. Ишти караган судья Ирина Воронцова Салянованын абалы тууралуу ал жаткан ооруканадан маалымат алынарын айтты.

Сот Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жаткандыктан ишти кароону токтотуу туруу боюнча адвокаттардын өтүнүчтөрүн четке кагып келүүдө.

- Мындай нерсе бизде тажрыйбада жок болчу. "Ооруканада жатат" деген кагаз алып келгенден кийин эле токтото турушчу. Депутаттардын иштери мыйзамда жок болгон өзүнчө эреже менен жүрүп жатат, - деди адвокат Чынара Жакупбекова.

Буга чейин Бишкек шаардык соту "Аида Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу бейтапканага жатышы керек" деген дарыгерлердин бүтүмүнө ишенбей, өз алдынча иликтөө жүргүзгөн. Комиссия анын ооруп жатканын ырастаган. Эл өкүлүнө "жүрөк кемтигинен жабыркайт" деген диагноз былтыр декабрдын этегинде коюлган. Ошондон бери ал соттук териштирүүлөргө келе элек.

Булак: Азаттык

Последние новости