www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамаша чындыка жараша дегендей анекдот. Атамбаев Жээнбековко жаңы унаа белеке бериптир. Сооронбай Шарипович сүйүнүп унаага отурса эле руль жок, дейт. Апей руль жок турбайбы бул жерде, десе, досу: отургучу барына сүйүн, дейт экен.

Ошого тиешелүү сот тармагында болуп жаткан окуяларга көнүлүңөрдү бурайын. Атамбаевдин доорунда, Соттор тандоо кеңеши талапкерлерге упай коюп, аларды тизмеге эң бийик упай алгандан баштап, аягына эң төмөн упайга ээ болгон талапкерди жайгаштырып коюшчу. Анан тизмеде 20 талапкер болсо, а бош орун 10 болсо, ошол тизмедеги биринчи 10 талапкерди Президентке жиберчүү.

Ошондо ким сот болорун Президент кана чечип, жоопкерчиликти Президент мойнуна алган. Азыркы соттор бул президенттин тандоосу менен келген соттор. Ошол убакта шайланган соттордун 5 жылдык мөөнөтү аяктап, эми кайра Соттор тандоо кеңешине келип жатышат. Бирок, Соттор тандоо кеңеши упай койгонуна карабай, кайра добуш бергенди баштап жатышат. Эч бир мыйзамда талапкерлерди добуш берүү менен Президентке кетиресиңер деген сөз жок. Эми ким сот болорун Соттор тандоо кеңеши өз добуш берүү менен чечип жатышат.

Бул коррупциялашып кетери анык, анткени Соттор тандоо кеңеши талапкерлерге кандай бир критерий коюбой эле, сиз добуш алган жоксуз, деп тизмеден алып салып жатышат. Эми сот системасы жок, деп эсептей берсеңер болот. Анткени соттор дагы чечимди саясий кызыкчылыктын негизинде чыгара башташты. Азыр соттор жанагы анекдоттогу РУЛЬ. Эмнеге аны жаңы шайланган Президентке беребиз, деп чечишкен окшойт.

Рита Карасартова 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости