www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибековдун докторлук диссертациясы тууралуу өтө эле туура эмес, буйрутма макалаларды жазып жатышат. Андагы маалыматтарга таянсак, экс-спикер докторлук диссертациясын башка бирөөгө жаздырып, ал үчүн 15 миң доллар төлөгөн имиш. Анан да ушунча суммага сатылып алынган илимий иш диссертациялык кеңештин кароосунан өтпөй калыптыр.

Биз бул маалыматтын чын-төгүнүн билүүгө аракет жасадык. Белгилүү болгондой, Ахматбек Келдибековдун илимий иши “Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын базар экономикасы шартындагы социалдык –экономикалык натыйжалуулугу” деп аталат. Ошондой эле бул теманын үстүндө экс-спикер 2010-жылдан тартып иштеп келген. Айрым маалымат каражаттары апырткандай, диссертация өтпөй калган эмес, өтпөй калууга дагы көп убакыт бар. Анткени, илимий ишти жактоо узак убакытка созулат жана бир нече баскычтардан өткөрүлөт. Биз сөз кылып жаткан диссертация ал баскычтардын биринчисинде гана турат, Кыргыз Экономикалык Университети тарабынан кафедралык деңгээлде гана каралды. Ага ондон ашпаган адистер катышкан. Илимий ишти жактоонун кульминациясына жетүү үчүн дагы далай процедураларды басып өтүү керек. Мына ошондо гана диссертация өтпөй калды, же өттү деп так кесе аныктама берүүгө болот.

Көбөгөн Атышов, КЭУнун илим боюнча проректору:  “Илимди түшүнбөгөн адамдар илимий иш боюнча имиш кептерди жазбай эле  коюшса…”

Маалымат каражаттарында “Ахматбек Келдибековдун диссертациясы өтпөй калды” деген маалымат КЭУнун илим боюнча проректору Көбөгөн Атышовго таянуу менен жарыяланып жаткандыктан, биз аталган илимпозго кайрылып көрдүк:

– Мен илимий иштерди талкуулоого бул жаатты тейлеген адис катары дайыма катышам. Ар бир иште кемчилик болот, бир дагы илимий иш кафедралык деңгээлдеги кароодон дароо өтүп кетпейт. Бул илим менен алышып жүргөн адамдарга дайын. Ахматбек Келдибековдун диссертациясын эки кафедрда биригип карадык. Анан билип- билбей, маалыматты божомолдоп айта берген болбойт да. Келдибековду экономика жаатынын адиси катары жакшы билем, өз ишине тың, мыкты адис. Кандидаттыгын жактаганда да катышкам.

– Айрым маалымат каражаттары Келдибековдун диссертациясынын өтпөй калганы тууралуу маалымат таратышууда сиздин ысымыңызды да атап жатышат, маалымат бергениңиз чын беле?

– Биринчиден, Ахматбек Келдибеков менен ысык-суук мамилем жок. Болбосо, эл “атайын ушинтип жатат” деп ойлошу мүмкүн да. АКИпресстен кабарчы телефон чалып, “Келдибеков диссертациясын жактаган турбайбы?”- деп сурады эле, “диссертацияга сын айтылды, аны жоюш керек, анан биздин шифрге туура келбейт экен, аны да оңдошу керек”- деп гана айткам. Мен кыргызча жооп бергем, маалымат каражатында орусча жүрөт. Балким, которууда ката кетиришкендир. “Диссертация жараксыз болуп калды”- деп айткан жокмун. Антип айтууга азыр эрте. Дагы далай баскычтар бар. Менин ысымым менен маалымат чыкканда өзүм да таң калып окудум. Дагы бир гезит: “Диссертацияны жазган адам 15 миң доллар алып, аны диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнө бөлүп бериптир”- деген сыяктуу маалымат кетириптир. Бул туура эмес. Бул биздин университеттин, окумуштуулар чөйрөсүнүн кадыр-баркына доо кетирип жатат. Менимче, университет биригип, ал гезитти сотко бериш керек. Анда дал келбестик толтура, сотко берсек, чындык биз тарапка болоору анык.

– Демек, сиз диссертация жараксыз деп айткан жоксуз??

– Жок. Андай сөз болгон эмес. Протоколдо да менин эмне деп айтканым турат. Бирдеме жазаардан мурда адамдын убал-сообун да ойлош керек.  Илимди түшүнбөгөн адамдар илим тууралуу имиш кептерди жазбай эле коюшпайбы. Сыягы, заказ маалымат окшойт, кайсы бир тараптан акча алып анан Келдибековду каралоо максатында ушинтип жатышкандыр.

Элмира Жумалиева, Ахматбек Келдибековдун илимий жетекчиси: “Саясаттын каралоосу илимге да жетти…”

Чуу жараткан бул диссертация боюнча Ахматбек Келдибековдун илимий жетекчисине да кайрылдык. Божомолчулар  диссертацияны саясатчыга жазып берип, акысына 15 миң доллар алган деп ушул адамдын атын аташкан. Элмира Жумалиева өзү тууралуу айтылган маалыматтарга мындай түшүндүрмө берди: 

– Ахматбек Келдибеков докторлук теманы 2010-жылы эле алган. Жети жыл анын үстүндө иштеди. 2008-жылы илимий кандидаттыгын жактаган.

– Докторлук диссертациясын жазып бергениңиз чынбы?

– Бир жумадан бери көптөгөн маалымат каражаттары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен Келдибековдун илимий ишин талкууга таштап коюшту. Мен 2003-жылдан бери экономика илиминин докторумун, диссертациялык кеңештин мүчөсү болгонума 10 жылдан ашты. Мен илимпоз катары аны жазуу, жактоонун түйшүгүн жакшы билем. Бир диссертацияны акча үчүн башка бирөөгө жазып бергендей убактым анчалык көп эмес. Анын үстүнө бир эмгек канча нервди, энергияны алат. Жарым өмүрүң кетет деп айтсам жаңылышпайм. Мындай маалыматты тараткан адам илим жаатынан кабары жок, бир илимий ишти жазуунун артындагы толгон-токой оорчулукту сезип билбеген адам. Көрбөй туруп сүйлөгөн, билбей туруп жалаа жапкан туура эмес.

– Негизи илимий ишти кандай адамдар жазып, жакташат, мында чектөө болобу?

– Каалаган адам бир илимий теманы алып, иликтеп-жиликтеп, аны менен Кыргызстандын бир маселесин чечем деп бел байласа, биздин эшик ачык. Аны кош колдоп колдоого алып, илимин тереңдетүүгө жол ачып беребиз.

– Келдибековдун докторлук диссертация тууралуу эмнеге мындай апыртмалар, калп маалыматтар жазылып жатат деп ойлойсуз?

– Бул да болсо көралбастык. Келдибековдун деңгээлин жакшы билебиз, ал күчтүү практик жана күчтүү экономист. Диссертациялык кеңештин бардык мүчөлөрү аны “билими күчтүү” деп мактап жатышат. Мындай жигиттерди колдоого алуунун ордуна кайсы бир тарап  бут тосуп, жаманатты кылууга эмнеге аракет жасап жатышканын түшүнбөдүм. “Диссертациясын жактай албай калды”- деген маалыматка түшүндүрмө бере кетейинчи, биз азыр анын диссертациясын биринчи баскыч – кафедралык деңгээлде карадык. Эми алдыда жактоонун алдындагы жактоо болот, афтореферат чыгарат, анан барып илимий иши каралат. Булардан кийин гана бакыйып жактоону баштайт.  Кафедралык деңгээлде кароо жактоо дегенди билдирбейт. Мында талкуу болот, диссертациялык кеңештин мүчөлөрү илимий иш боюнча сын-пикир, көз караштарын айтышат. Чогуу-чаран кайсы жерин оңдоо керек болсо айтышып, болочок доктордун илимий ишин дагы терең казуусуна багыт беришет. Мисалы, мен илимий иштин бир главасы менен макул эмесмин. Мен аны башкача ыкмада изилдемекмин. Ушул сыяктуу ойлор башка мүчөлөрдө да пайда болот. Канча адам болсо көз караштар ошончо башка да. Илимдин доктору болуу бир этап менен бүтүп калбайт да. Илимге аралашып көрбөгөндөр муну кайдан билсин. Менимче, жөн гана саясаттын таасири менен жаманатты кылышып, ал тууралуу айтылгандардын баары саясий оюнга айланды окшойт. Бирок, бул жигиттин ким экенин эл билет, министр болду, соцфонд, салык жаатын, анан да Жогорку Кеңешти башкарды, мээнети менен көп мыкты реформаларды жасаганын мен деле жакшы билем.

Гурас Жапаров, илимдин доктору: “Кафедралык кароо – илимди жактоонун жеткен чеги эмес”

 – Келдибековдун диссертациясы өлкө үчүн маанилүү багыттарды камтыган. Ал фискалдык саясаттагы иштерди алдыга жылдырууга жардам берет. Мамлекеттик программаларга көмөктөшүп, өнүгүүнү камсыздайт. Минтип ишенимдүү айтып жатканымдын себеби, анын илимий ишин окуп чыккам. Диссертациясын жактай албай калды деп так кесе айтуу туура келбейт. Анткени, илимий ишти жактоо оңой-олтоң иш эмес. Каралат, сын-пикир айтылат, кайра артка кайтарылат, кайра оңдолот. Илимдин кандидаттары, докторлору – баарыбыз ушул түгөнбөгөн жолдорду басып өттүк. Бир дагы кандидат, же доктор биринчи эле баскычта алдыга секирип кеткен учур катталган эмес. Илим кылдаттыкты талап кылат.

Бактыгүл Токсобаева, Диссертациялык кеңештин мүчөсү, профессор: “Келдибеков кандидаттыгын мыкты жактаган, докторлугун да мыкты жактаарына ишенем”

– Ахматбек Келдибековду мыкты мамлекеттик жетекчи катары тааныйм. Аны менен катар илимге да ынтаа коюп, бул жаатта да ийгиликтерди багындырып келатат. 2008-жылы кандидаттыгын жактаганда да профессорлор кеңешинде болгом. Мыкты жактаган. Докторлук диссертациясын да бардык баскычтарды ийгиликтүү басып өтүп, мыкты жактаарына көзүм жетет.

Соңку сөз

Учурда Ахматбек Келдибеков кафедралык кароодогу кошумчаларды ишке ашыруу үстүндө иштеп жатат. Ал эми илимий иш жактоого баскычтардын баарынан өтүп, чечүүчү жыйынтыктын чыгуусуна дагы эки жылдай убакыт керектелет.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости