www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы деген Эркин Мамбеталиевдин жарандык активист жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун төрагасы Адил Турдукуловдун үстүнөн жазган доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Эркин Мамбеталиев Адил Турдукуловдун үстүнөн былтыр ноябрда "Фейсбуктагы" билдирүүлөрү "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, сотко кайрылган. Моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Быйыл 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин доо арызын карап, Турдукуловду ага 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Буга макул болбогон Мамбеталиевдин адвокаттары шаардык сотко кайрылган.

Турдукулов Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын айтып келет. Ал 50 миң сом төлөө тууралуу соттун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко кайрыларын кошумчалады.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости