www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот милициянын полковнигине өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-январь күнү ИИМдин аскердик-дарыгерлер комиссиясынын төрагасына карата өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, милициянын полковниги 2020-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөөдөгү маалымат боюнча, Ж.Ж. ички иштер органдарында эмгектенүүнү каалаган жарандардан акча алып турган. Ал талапкер ички иштер органдарында эмгектенүүгө жарактуу экенин көрсөткөн медициналык маалым катты жасап берчү.

Бул иш ачыкка чыккандан кийин Жазык кодексинин 325-беренеси (пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Жыйынтыгында Ж.Ж. пара алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости