www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бузулган укуктарын аныктоо боюнча арызын Бишкек шаарынын Биринчи Май сотуна тапшырган. Ал депутаттык мандатын кайтарып берүүнү талап кылууда. Соттук отурум 25-июнга белгиленген.

Биринчи Май райондук сотунун берген маалыматына караганда, Өмүрбек Текебаевдин арызы канаттандырылган эмес.

2020-жылы октябрда саясатчы Жогорку Соттун анын кылмыш ишиндеги алгачкы эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылган чечими менен БШКнын ага байланыштуу мурунку чечимдерин жокко чыгарып, анын мандатын кайтарып берүүнү суранган. Натыйжада Садык Шер-Нияз бошотуп берген мандат кайтарылган эле. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы анын айыпталуучу деген статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу. Ушул жылдын март айында Жогорку Сот Административдик сот менен Бишкек шаардык соттун «Ата мекен» партиясынын лидерин депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Текебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун тизме боюнча Шералы Абдылдаев ээлеген. Ал кечээ, 22-июнда «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости